«Чабал өрдөк мурда учат» макалы Темир Сариевдин бейнесине куп жарашып калганын айт, эй! Өткөн жылы президенттик шайлоо кампаниясы расмий баштала элек жатып аймактарды түрө кыдырып, жеңил-желпи пиар-жүрүштөрдү жасаган Темир Аргенбаевичтин аброюнун нөлдүгү шайлоо жыйынтыгында билинди. Миллиондорду ченебей чачканы менен 40 миң чамалуу добуш топтоп, өзүнүн кичи мекени Сокулук районунан 3-орунду камсыздап, жалпы шайлоочулардын 2,5% ишенимине араң арзыган. Эми Темике «жыгылган күрөшкө тойбогон» сымал эркин гезиттер аркылуу «Темир Сариев жазында саясатчылардын башын бириктирип, чоң күчкө айланат» таризинде буюртма материалдарды тараттырып аткан кези. 2,5%дык бедели бар Сариевге жада калса тили менен буудай кууруган Адахан Мадумаров «никелешүүгө» барбашы аштан бышык.
Темир мырзанын текирең жүрүшү муну менен эле токтобойт. Ал эл өкүлү Улан Примовго караштуу экинчи борбордогу «Ош Пирим» телеканалынын базасында Бишкекте жаңы телеканал ачууда. Башкы деректирликке экс-пресс-катчысы Назира Ахмедованы дайындамакчы. Саясаттан жолу болбосо маркум досу Мелис Эшимканов сымал медиа-менеджерге айланам десе кубаттайбыз. Бирок мында да «кара мышыгы» жорголоп, банкротизмдин «обонун» созуп калса кантет?
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ