Лос-Анжелесте “IV Дүйнөлүк Азия” кинофестивалы 24-октябрдан 1-ноябрга чейин өтөт. Бул тууралуу кабарды “Айтыш” коомдук фондунан билдиришти.
Фестивалда Азия чөлкөмүнөн жалпы 50 мамлекеттин кинематографисттеринин эмгеги көрсөтүлөт. Алардын арасында Темир Бирназаров режиссёрлук кылган “Түнкү кырсык” тасмасы дагы бар. Ошондой эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлөт. Мындан тышкары филиппиндик, түркиялык жана сауд арабиялык кинематографисттер тарткан тасмалар киновестивалда коюлары айтылды.
Аталган кинофестиваль 2015-жылы кинорежиссёр, сценарист, продюсер, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Фестивалдын максаты – “Оскарга” талапкер боло турган тасмаларга жол ачуу, Азия жана Голливуд кино индустриясын бириктирүү болуп эсептелет.
Эске салсак, өткөн жылы аталган кинофестивалга Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы жана Голливуд жылдызы Анжелина Жолинин “Алгач алар менин атамды өлтүрүшкөн” деген тасмалары катышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ