Menu

Өзбекстанда алгачкы жолу мунапыс тууралуу жарлык кабыл алынды

Бөлүшүү:

Өзбекстан Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата өлкө президенти Шавкат Мирзиёев камактагы 2700 адамды ырайым кылуу тууралуу жарлыкка кол койду. Буга чейин мунапыс Сенаттын чечими менен ишке ашып келген. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Ага ылайык, түрдүү шарттардан улам кылмыш кылган, кийин ага катуу өкүнүп, оңолуу жолуна түшкөн камактагы 956 киши эркиндикке чыгат.

Мунапыс боюнча камактан бошотулгандарга тез арада үй-бүлөсүнө баруу жана коомго кайтуу мүмкүнчүлүктөрү берилет.

29-сентябрда президент Мирзиёев Конституциянын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу камактагыларга ырайым берүү тууралуу материалдарды даярдоо боюнча буйрукка кол койгон.

Мунапыс жөнүндө жарлыкка ылайык, абактагылар эркиндикке чыгат же шарттуу түрдө бошотулат, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы жеңилдетилип, айрымдарынын соттуулугу жоюлат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: