Белгилүү тажик балбаны Парвиз Собиров АКШда өткөн дзюдо боюнча ардагерлер арасындагы дүйнөлүк чемпионатта (Veterans World Judo Championships 2016) жеңишке жетти.
Парвиз Собиров М2 тобунда 100 килограммга чейинки салмак категориясындагы болжолдуу кармаштарда француз Грегор Каусеро жана бразилиялык Венер Меллонун үстүнөн жеңишке жетүү менен мелдештин жарым финалдык бөлүгүнө өттү. Финалдык күрөштө болсо француз дзюдочусу Яник Давиалерону утуп, дүйнө чемпиону аталды.
Үч күнгө созулган дүйнө чемпиондугуна 63 өлкөдөн 999 спортчу (877 эркек жана 122 аял) катышты. Мелдештер 30 жаштан жогорку курактагылар арасында жети салмак категориясында өттү.
Жалпы командалык эсепте 42 медалы менен (17 алтын, 11 күмүш жана 14 коло) Франция алдыда. АКШ курамасы 40 медалы менен (12+7+21) экинчи орунда келе жатса, Бразилия курамасы 40 медалы менен (9+13+18) үчүнчүдө. Тажикстан курамасы бир алтын медалы жана бир жетинчи оруну менен мелдеш жадыбалында 25-сапка жазылды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ