Menu

Түркмөнстанда азык-түлүк кымбаттады

Бөлүшүү:

Бейтараптык күнү жана Жаңы жыл майрамын утурлай Түркмөнстанда негизги тамак-аш азыктары кымбаттады. Мамлекет башчы болсо азык-түлүктөрдү мол камсыз кылууну тапшырган.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, акыркы он күндөн бери өлкөнүн бардык аймактарында ундун жана нандын наркы жогорулады.

“Дашөгүздөгү эң арзан 450-500 грамм нан 1 манат (0,3 АКШ доллары) турса, азыр 1 манат 40 теңгеден сатылууда. Балкан облусунда ушундай эле нандын наркы 1 манат 50 теңге болду”, – деди түркмөнстандык баяндамачы Аманмырат Бугаев.

Өлкөнүн айрым аймактарында биринчи сорттогу унду табуу дээрлик мүмкүн эмес. Жогорку сорттогу 50 килограмм унду 70 манатка сатып алса болот.

Учурда чет өлкөдө өндүрүлгөн тоок этинин килограммы мамлекеттик дүкөндөрдө 8 манат (2,3 АКШ доллары) турат. Бирок аны бир кишиге бир килодон ашык сатышпайт. Жеке дүкөндөрдө тоок этин 10 манатка алса болот.

Жашылча, мөмө-жемиш жана таттуулардын баасы эки эсеге кымбаттады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: