Menu

Видео – Өзбекстанда автобуста күйүп кеткен кишилердин тек-жайын тактоо уланууда

Бөлүшүү:

Өзбекстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Актөбө облусундагы автобус өртүнөн улам каза болгондордун аты-жөнүн тактоону улантууда. Генетикалык экспертизалар аягына чыккандан кийин маркумдардын денеси Өзбекстанга жөнөтүлөт.

Автобустун ичинде күйүп кетти делген кишилердин туугандарын ДНК-экспертиза жүргүзүү үчүн Ташкентке чакырышууда.

Айрым жарандар туугандарынын өлгөнүнө ишенише элек. Маселен, Мухиддинжон Умаржонов аттуу кишинин ысымы маркумдардын тизмесине киргизилген. Бирок анын эжеси буга ынанган жок. “Биз бул тизмени Интернеттен көрдүк. Бирок ал биздин инибиз экенине ишенбейбиз. Ал өлдү деп жазбагыла. Бул туура эмес маалымат”, – деди ал.

Бул арада “Үмүт жана жашоо” эл аралык фонду автобуста өлгөн кишилердин жакындарына материалдык жардам берүү үчүн кайрымдуулук марафонун өткөрүүдө. Бул тууралуу фонддун башчысы Ильхомжон Касымов билдирди.

“Айрым кишилер биз баштаган ийги ишти арам ойлорун ишке ашыруу үчүн пайдаланышууда. Алар менин атыман банк эсептерин ачып, акча чогулта башташты. Алар үчүн жоопкерчилик ала албайм, ошондуктан кайрымдуулук марафонун өткөрүүнү токтоттук”, – деди ал.

Буларада Өзбекстандагы жаш активисттер автобуста мерт болгон кишилердин жакындарына жардам көрсөтүү үчүн 60 миллион сум (7,5 миң доллар) чогултушту.

https://youtu.be/aD3ZiKgj6EQ

Өткөн аптада Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 киши каза болгон. Алардын баары Орусияга иштегени бараткан өзбек жарандары экени аныкталды. Беш киши гана аман калган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: