Menu

Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов атасынын былыктарын калкалап отурабы?

Бөлүшүү:

Калк ичинде бүгүнкү бийлик Атамбаевдин жемкор кадрларынан арылмайын иши алдыга жылбайт деген сөздөр тынбай айтылып келатканы жашыруун эмес. Айтылган кептердин чындыгын ЖЭБ, Музей, Ипподром ж.б. тармактардагы ири жемкорлук фактылары далилдеген. Албетте, аларга катышы барлар тузакка түшүрүлүп, соттук териштирүүлөр жүрүүдө, бирок АША башында турган ошол кездеги «банданын» башка «шайкалары» жыргап-куунап отурат. Маселен, Алмазбек Атамбаев президент кезинде анын жардамчысы болуп жүрүп, кийин кызматтык секирик жасап Эсептөө палатасынын башына келип, ошондон бери май-талканды жетектеп келе жаткан Улукбек Марипов экс-президенттин «табакташ» кадрынын бири. Жардамчы кылып жүрүп тарбиялап, 2016-жылы аталган тармакка миңгизген. Марипов ошол күндөн бери карай АШАнын арам иштеринин баарын сиңирип берди. Жогорудагы жемкорлуктун бирин да чукуган эмес. Кызматкерлери кылмышты жабуу боюнча айыпталып кармалып жатат. А Марипов былк эткен жок. Баса, Улукбек калкалап отурган атасынын кылмыштуу аракеттери ММКларга чыкты. Анда, Ноокат райондук ооруканасын өз менчигиндей пайдаланганы, дарыканалардын баары анын менчиги болгондуктан сыркоолоп келгендер ага көз каранды экени, Айнура аттуу көңүлдөшүн ар кайсы кызматка коюп талтаңдатканы, оор кылмышка шектелген Мухаммед деген адамды кызматка койгону, анын баарын Эсептөө палатасынын төрагасы болгон баласы коргоп келе жатканы жазылган. Өкмөт көңүл бөлүп, муну тез арада чечиш керек. Же Улукбек Мариповго окшогон «экстин» кадрлары элди ирите береби?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: