Ишемби күнү, 17-сентябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Алмаз Атамбаевдин туулган күнүнө 200 адам чакырылган. Аларга ырдап берүү үчүн Россиядан Филипп Киркоров, A’Studio тобу, Кыргызстандан Гүлжигит Калыков, Гүлзат Рыскулова сыяктуу шоу бизнестин жылдыздары жалданганын 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.
Россиялык маалымат агенттиктери Филип Киркоровдун корпоративге барып ырдап бергени 100.000. доллардан ашык турарын билдирет. Ал эми A’Studio тобу 30.000. евродон кем эч жакка чыкпайт. Андан сырткары алардын транспорттук, мейманкана, тамак-аш чыгымдарын да чакырган киши төлөп берет.
Алардан сырткары Атамбаевдин туулган күнүнө россиялык жана казахстандык олигархтар, азыр коррупция менен айыпталып кызматынан алынган экс-бажычы Андрей Бельянинов, 4 миллиард доллардык алтыны бар “Жерүй” алтын кенин кыргыз бийлигинен 100 миллион долларга сатып алган Муса Бажаев, түбү Токмоктук миллиарддер “Граф” Aлижан Ибрагимов жана түбү Бишкектик миллиардер Александр Машкевичтер чакырылган.
Туулган күн резиденцияда 179 миллион сомго жаңы салынган боз үйдө өткөн.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ