Бүгүн, 18-августка карата өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясынан 2 адам көз жумду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, каза болгон тургундар Бишкек шаарынан жана Баткен облусунан болот.
Муну менен өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 1498.
Бүгүн Республикада коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 42 миңден ашты. Өткөн суткада 318 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Жалпы бүгүнкү күндө 34 миң 885 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ