Menu

Тажикстанда тойго киргизилген чектөөлөрдү алуу сунушталууда

Бөлүшүү:

Тажикстанда парламент “Каада-салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды жөнөкөйлөтүү тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.  Мыйзам долбоору жер-жерлердеги шайлоочулардын өтүнүчү менен иштелип чыкканы кабарланууда.

Депутаттар бул азыркы убакыттын талабы экенин, мыйзам айрым учурда калкка ашыкча көйгөйлөр менен кыйынчылыктарды жаратып жатканын баса белгилешүүдө.

Эл өкүлдөрү салтанаттарды өткөрүүдө алардын убактысы менен узактыгы, ошондой эле келген коноктордун санына киргизилген чектөөлөрдү алууну сунушташты. Алсак, депутаттар тойлор менен салтанаттарды дем алыш күндөрү таңкы 8ден кечки 11ге чейин, иш күндөрү кечки 6дан 11ге чейин өткөрүүгө уруксат берүүнү сунуштоодо. Мыйзамга ылайык, учурда салтанаттарды өткөрүүгө үч сааттык чектөө бар.

Тажикстанда каада-салттар менен ырым-жырымдарды жөнөкөйлөштүрүү тууралуу мыйзам 2007-жылы кабыл алынган. Документке ылайык, үлпөт жана жентек той, ошондой эле түлөө өткөрүүгө чектөөлөр киргизген. Үйлөнүү тойго чакырылган меймандардын саны 150 кишиден, узактыгы 3 сааттан ашпашы керек. Мыйзамдын кабыл алынышы калк арасындагы чыгымдарды азайтуу менен түшүндүрүлгөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: