“Ислам мамлекети” (ИМ) уюмуна катуу соккулар урулганына карабастан, Сирия менен Иракта ал топтун 30 миңге жакын жоочусу калууда. Бул тууралуу БУУдан кабарлашты.
БУУнун эксперттери ар алты ай сайын Коопсуздук кеңешке террористтик уюмдардын тизмесиндеги ИМ жана “Аль-Каида” топторунун активдүүлүгү тууралуу баяндама жасап турушат.
Изилдөөнүн авторлору ИМ тобунун катарында “чет өлкөлүктөрдөн турган активдүү террорчулар” миңдеп саналарын белгилешкен. Алардын айтымдарында, Жакынкы Чыгыштагы бул эки өлкөдөн тышкары Ливияда дагы дээрлик төрт миңге жакын исламчы бар.
“Топтун террорчуларынын айрымдары Ооганстанга кетип, акыркы кездери өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүүдө. ИМ тобунун Ооганстандагы мүчөлөрүнүн саны 3,5-4 миңге чейин жетти”, – деп жазылган баяндамада.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ