Бүгүн Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтөт.
Ага Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери катышат. Түркмөнстандын атынан өлкөнүн парламент төрагасы Акжа Нурбердыев барат. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчылардын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат деп күтүүлүүдө.
Жолугушууга катышуу үчүн кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Астанага бүгүн учуп кетти. Анда мамлекет башчы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, кызматташтыкты сүйлөшөт.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон расмий сапары менен Астанага кечээ барган. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен бүгүн барат.
Күн мурун өзбек президентинин басма сөз кызматы Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу Шавкат Мирзиёевдин сунушу боюнча өтүп жатканын билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ