Menu

Собчак “Путиндин досторуна” санкция киргизүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Эгер Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы полковниги Сергей Скрипалдын ууланышына Москванын тиешеси бар экени аныкталса, Орусияга жаңы санкциялар салынышы ыктымал. Мындай пикирин Орусия президенттигине талапкер Ксения Собчак Bild немис басылмасына берген маегинде билдирди.

“Эгер кол салуунун артында Москва турса, Батыштын жаңы санкцияларынан качуу мүмкүн эмес”, -деп билдирди Собчак. Теле алыпбаруучунун айтымында, Владимир Путиндин жакын достору болгон “жемкор мамлекеттик элитага” карата персоналдуу түрдө чектөө чараларын колдонуу керек. Собчактын пикиринде, кара тизмеге ири мамлекеттик корпорациялар, анын ичинде “Роснефть” жана “Газпром” дагы кириши керек.

Собчактын шайлоо штабынын саясий технологу Виталий Шкляров санкциялык чаралардын бири катары Германия “Түндүк агым -2” газ кууру долбоорун ишке ашыруудан баш тартышы ыктымал. Ошол эле маалда ал Улуу Британиядан орус дипломаттарын чыгарууну натыйжасыз чара деп атады.

14-мартта Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Скрипалдын ууландырылышына Орусияны айыптап, өлкөдөн 23 орусиялык дипломатты чыгара турганын билдирген. Орусия ТИМи Москва жакынкы убакта жооптуу чара көрөрүн жарыялады.

Сергей Скрипаль – Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы полковниги. Орусияда ал Улуу Британиянын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен соттолгон. 2010-жылы ал АКШда айыбы ачылган орусиялык тыңчыларга алмаштырылган. 4-мартта Скрипал менен кызы Юлия адамдын нерв системасын сенек кылчу зат менен ууландырылып, оор абалда ооруканага жеткирилишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: