КСДПнын депутаты, парламенттеги кен тармагын тескеген комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаевге нааразы болгондор барган сайын көбөйүп бараткандай. Эми ал нааразы болгондордун калың катарын Тогуз-Торо эли толуктап жатыптыр. Маалым болгондой бул тоолуу аймактагы элдин караганы эле Макмал алтын кени. Узак жылдардан бери мына ошол алтын кени менен жан багып келишет. Өткөндө жергиликтүү эл Макмал алтын кенинин жанына “”Жи Эл макмал девлопинг” деп аталган кытай компаниясы алтынды бөлүп алуучу фабрика куруп баштаган. Жергиликтүү эл ал компаниянын иштөөсүнө каршылык билдиришип, митингге чыгышкан эле. Көрсө, ал кытай компаниянын документтери толук бүтпөптүр. Бирок кытайлар ага карабастан ал жерден кетип калган жери жок. Маселе чечилгенче деп күтүп турушат. Аларды комитет төрагасы Кожобек Рыспаев колдоп жатат деген кептер тар чөйрөдө айтылууда. Бекер колдобосу бештен белгилүү. Демек, ал кептер бекеринен айтылган жок. Чынында Кожоке мырза, андай иштерге абдан эле жөндөмдүү экенин эл деле эң сонун билип калды. Кожекеңдин коомчулукка ачыктала элек дагы да далай иштери бар. Алдыда анын баары ачыкталса, өзүн өтө акылдуу сезип бапылдаган эл өкүлүнө жакшы болбос…
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ