Menu

“Алай” командасы АФК кубогунда

Бөлүшүү:

Кыргызстандын футбол боюнча чемпиону «Алай» командасы АФК кубогунун жаңы сезонунда Түркмөнстандын «Ахала» командасы менен тайпалык мелдешин өткөздү. Мактанып, «биздин команда утту» дешке ооз барбай турат. Тескерисинче, «Алай» покко жарабай калды, 5:0 эсебинде утулуп, тизелеп берди. Оюндун тагдырын 9 мүнөттүк убакыт чечип салды. Дегеним, биринчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө биздикилер үч топту удаасы менен дарбазага киргизип жиберишти. Тыныгуудан кийин биздин топ тепкичтер өздөрүнө келе алган жок. Дагы эки топ жоопсуз калды. «Соодасы бүткөн сартка окшоп» «алайлыктардын» баштары шылкыйып, маанайлары өчкөн тейде калды. Кийинки мелдеш Тажикстандын «Истикпол» командасы менен 11-апрель күнү конокто өткөзөт.

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: