Menu

ИИМ: Синтетикалык баңгизаттарды сатуу тармагын уюштурган кылмыш топ кармалды

Бөлүшүү:

Жакында эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Синтетикалык баңгизаттарды сатуу тармагын уюштурган баңгизат топторунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн иш- чаралар ийгиликтүү аяктады. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгы тарабынан узак убакыттан бери Оруссия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан турган, “СПАЙС” психотроптук заттарын даярдап, аны андан ары интернет булактары аркылуу сатууга багытталган улуттар аралык уюшулган баңгилик кылмыштуу тобу иштелип жаткан.

Жогоруда аталган баңгилик топ Бишкек шаарында шифрленген интернет магазиндери аркылуу баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу боюнча бутакталган тармакты жөндөп алган.

Аталган сайттар аркылуу психотроптук заттарды “текшерме сатып алуу” ыкмасы боюнча ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө, “Qiwi капчыктарынын” электрондук эсеби аныкталган, аны баңгилик топтун лидерлери психотроптук заттарды сатып алууну каалаган жактардан акча каражаттарын алуу үчүн колдонушкан.

Фигуранттар “Qiwi капчыктарын” “жашыруун базардан” (DARKNET) шифрленген “TOR” интернет сайты аркылуу алып тургандыгы белгилүү болгон.

Мындан сырткары, баңги каражатарын сатып алуучу жактарга тиешелүү электрондук акча каражаттары Бишкек шаарында жайгашкан “Мобильник ЖЧКнан” Казакстан Республикасында жайгашкан “Natipey” ортомчу фирмасынын эсебине которулуп, андан ары Армения Республикасындагы “Qiwi” өкүлчүлүгүнө, андан ары Оруссия Федерациясынын Москва шаарындагы “Qiwi” банкынын электрондук эсебине түшүп турган. Андан соң көрсөтүлгөн электрондук эсептерден акча каражаттары “Visa” картасына которулуп, кийин Кыргызстан, Казакстан жана Оруссияда банкоматтар аркылуу накталай түрдө акчаланып турган. Ушундай жол менен баңгилик топтордун лидерлери психотроптук заттарды сатуу менен гана алектенбестен, кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын легалдаштырууну да ишке ашырып келишкен.
Конспирациялоо максатында, сатуу тармагынын уюштуруучулары электрондук капчыктардын эсептерин, “жашыруун базардын” (DARKNET) жардамы менен системалык түрдө алмаштырып турушкан.

Кызмат тарабынан бардык, анын ичинде Оруссия Федерациясынын аймактарындагы кылмыштуу тармактарды аныктоо максатында, Оруссия ИИМнин баңгизаттарды контролдоо боюнча башкы башкармалыгы менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүү демилгеленген. Өткөрүлгөн биргелешкен иш-чаралардын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын аймагындагы акча каражаттарын накталай кылуучу “VISA” карталарынын ээлери аныкталган.

2017-жылдын 5 октябрында иштелип жаткан жактардын кылмыштуу ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча иш-чараларды өткөрүү учурунда, Бишкек шаарынын аймагындагы психотроптук заттарды таратуучу тармактардын уюштуруучулары кармалган. Алар: Оруссия Федерациясынын жараны 1991 жылы туулган К.И., жана анын жарандык жубайы 1992 жылы туулган Б.Е., Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну.

Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө алардан 1,5 грамм салмактагы “СПАЙС” психотроптук заты, кылмыштуу ишмердүүлүгүндө колдонуп жүргөн 208 000 сом жана 393 000 рубль суммаларындагы акча каражаты, ошондой эле компьютердик техника (6 бирдик ноутбук катуу дисктери менен), 3 виза картасы жана 4 даана уюлдук телефон 15ке жакын сим-картасы менен табылып алынган. Андан тышкары дрон учуучу аппараты табылган, ошонун жардамы менен өзүлөрү жашаган үйдү байкап турушчу. Бул аталган жаран К.И. психотроптук заттардын концентраттарын “Спайс” (химиялык аталышы MD MB (N)-2201(метил 3,3-диметил-2[1-(5-фторпентил)-1Н-индазол-3-карбоксамидидо]бутаноат) даярдоо үчүн “VIPOLE” жана “TELEGRAM” сыяктуу интернет сайттары аркылуу сатып алып, заказ кылган жөнөтмөлөрдү (посылки) жашыруун ыкма менен Казакстан Республикасынын Алматы шаарынан алып, жарандык аялы менен бирге Бишкек шаарына жөнөтүп турган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө жогоруда аталган психотроптук заттардын концентраттары Алмата шаарына Кытайдан келип жаткандыгы аныкталган.
Фигуранттар үй шартында концентрантты 10 граммдан пакеттерге таңгактап, Ала-Арча капчыгайына катып, катылган жер тууралуу, мындан ары “СПАЙСты” даярдоого жана Бишкек шаарынын аймагы боюнча катылган жерлерди уюштурууга жооп берүүчү баңгилик топтун мүчөлөрүнө маалымдап турушкан.
Баңгилик топтун мүчөлөрү “VIPOLE” мессенджери аркылуу байланышып, бири-бирин көрүшчү эмес.
“СПАЙСты” даярдап, полиэтилен баштыктарына таңгактап, ага даяр атайын фирмалык наклейкаларды чапташкан. Лыжа базасына бара жаткан жолунда, капчыгайда катылуучу жайларды аныктоо учурунда, кармалган жаран 8 жерди көрсөткөн, ал жактан жалпы салмагы 80 граммды түзгөн 8 оролмо концентрат алынган.

Ошондой эле ыкчам-иликтөө иш-чараларын өткөрүү учурунда, катылган жайларды ишке ашырып жаткан, топтолуштун төмөнкү активдүү мүчөлөрү аныкталган, алар:
– С.А. 1976-ж.т., Кыргыз Республикасынын жараны, андан Бишкек шаарындагы дареги боюнча тинтүү учурунда 10 грамм таза салмактагы психотроптук заттардын концентраты жана ар бири 1,5 граммдан турган 35 баштык, ошондой эле ар бири 3 граммдан болгон 9 баштык сатууга даяр “СПАЙС”, мындан сырткары, Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагынан ар бири 1,5 грамм болгон 39 катылган жердеги спайс алынган.
– М.Д. 1990-ж.т., Өзбекстан Республикасынын жараны, андан Бишкек шаарындагы дареги боюнча тинтүү жүргүзүү учурунда ар бири 1,5 грамм салмактагы 24 баштык даяр аралашма “СПАЙС” жана Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагынан ар бири 1,5 граммдан салмактагы 2 баштык катылган жердеги спайс алынган.
“СПАЙС” аралашмасы менен баштыктардын жалпы саны 110 даананы түзүп, салмагы 178,5 грамм болгон. Алынган психотроптук заттардын концентратынын салмагы 90 граммды түзгөн. Бул алынган психотроптук заттардын концентратынан 2 килограмм 700 грамм колдонууга даяр болгон “СПАЙС” чегүүчү аралашмасын даярдашмак, бөлгөндө ар бири 1,5 граммдан болгон 1800 баштыкты, жалпы баасы 2 700 000 сомду түзмөк.

Азыркы учурда республика боюнча аталган психотроптук заттарды көбүнчө жаш курактагы адамдар (18-28 жашка чейинки) колдонушат. “Спайс” чегүү жолу менен гана колдонулат. Аны колдонуунун айрым бир белгилери кара куурай чеккендегиге окшошуп кетет:

1. Угуу жана көрүү галлюцинациялары. Көзү жумулган учурда да бейтап ар түрдүү жарык элестерди көрүп, ага үндөр угулат.
2. Аң-сезим, ойлор бузулат. Спайсты колдонуп, баңгилик мас болуу учурунда анын реалдуулук менен байланышы үзүлөт, өзүнүн дене боюн сезбей калат. Аң сезимин толук жоготуп койгон учурлар да аз эмес.
3. Аң сезимсиз аракеттерди жасап, кандайдыр бир тегеректи айланып калат. Спайска мас болгон учурда эсин жоготуп коюп, эмне кылып жатканын көзөмөлдөбөйт.
4. Көз кызарып, ички органдар жабыркагандыктан, арыктап кетет.
Кара куурай чеккендегиден айырмасы – аталган чегүүчү аралашма тез көз карандылыкка алып келет. Спайс химиялык аралашма болгондуктан, ашыкча дозадан өлүмгө алып келүү коркунучу дагы бар.

Аны колдонгон учурда маанай көтөрүлүп, ал адамдын мүмкүнчүлүгүнүн чеги жоктой сезилет. Аталган аралашманы чекпей калган учурда, адам депрессияга учурап, маанайы түшүп, нерв боло баштайт.

ИИМдин аталган иш-чараларынын маанилүү өзгөчөлүгү – республикада биринчи жолу интернет тармактары аркылуу “синтетикалык” баңги каражаттарын жайылтуу каналына бөгөт коюулду жана баңгилик топтун негизги катышуучуларынын бардыгы кармалды.

ИИМдин БМЖКККда баңгизатка көз каранды болгон жана интернет аркылуу спайсты колдонууга сатып алган жарандар тууралуу  ыкчам маалымттар бар. Аларга ыкчам-иликтөө жана алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: