Menu

Сот Канат Исаевди бир кылмыш иши боюнча актады

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаевди актаган өкүм чыгарды. Анда белгилүү болгондой, шаардык соттун соттук коллегиясы Канат Исаевдин үстүнөн козголгон КЖКнын 303-беренесин (Коррупция), КЖКнын 304-беренеси (Кызмат абалын кыянат пайдалануу) менен алмаштырып, Биринчи май райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарган чечимди окуган.

Эске сала кетсек, Канатбек Исаевди «2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулушун өзүнө караштуу ишканага берген» деп айыптаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Биринчи май райондук соту карап, Канатбек Исаевди 12 жылга эркинен ажыраткан.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: