Menu

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Отунбаева, Мадумаров, Келдибеков сыяктуулар тейтеңдебей эле тек жүрүшсө”

Бөлүшүү:

— Турсунбек мырза, жакында Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Роза Отунбаева баштаган саясатчылар жана граждандык активисттер чогулуп, “Атамбаев жетектеген КСДПга теңтайлаш саясый күч түзүү керек, болбосо алар билген талканын чалып жатат” деген таризде массалык маалымат каражаттарына билдирүү таратышты. Ушул боюнча оюңду уксак?

— Ал билдирүүнү калыс маалымат айдыңы болгон “Азаттык” радиосу баштап, башка оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттары кеңири таратууга аракет кылышты. Президент Сооронбай Жээнбековдун иштегенине болгону 100 күндөн ашты. Президент да, КСДП да өлкөнү өнүктүрүү үчүн болгон күч-аракеттерин көрүүдө. Тилекке каршы, кээ бир оркойгон кемчиликтерге да жол берилип кетип атат. Эми турмуштун агымы ушундай, артыкчылыктар жана кемчиликтер менен коштолуп турат тура. Кичине сабыр кылып, президентке жана башкаруучу партияга баардык жагынан жардам көрсөтүү жагын ойлосок болот беле? Эл ишенип шайлаган президентти жана элдин тандоосун сыйлап дегендей. Мен өлкөнүн кайдыгер эмес жараны жана кыргыз демократиясын баштагандардын бири катары бул саясатчылардын мындай куру демилгесин колдой албайм. Ошол эле Отунбаеванын, Мадумаровдун, Сариевдин, Келдибековдун, Эркебаевдин жана башкалардын кыргыз демократиясына жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө кошкон салымын баалайм жана алар өлкөгө белгилүү инсандар. Эл арасында кадыр-баркы бар жана алар өзүлөрүнө тийиштүү электоратка ээ экендигин тана албайбыз.

— Кодогон эли, электораты болгону үчүн президенттик шайлоого аттанышты да?

— Ооба, жакында эле өткөн президенттик шайлоодо ушул эле Адахан Мадумаров менен Темир Сариев ат салышып, эл аларды колдобой, Сооронбай Жээнбековду шайлап алышпадыбы. Эми утулуп калгандан кийин жеңилүүнү моюнга алып, өлкө кызыкчылыгы үчүн көмөк көрсөтүшсө болбойбу? Бөйрөктөн шыйрак чыгара берүүнүн кажети барбы? Жыйындын катышуучулары Атамбаев жетектеген КСДПны бир жактуу сындоо менен бирге ал партиянын атынан шайланган президент Жээнбеков менен жолугушууну каалап жатышат. Мындай эки стандарттуулукту бала болуп башыма түк чыккандан бери жаман көрөм. Роза Отунбаева популисттик кылып, түрмөлөргө киримиш этип, өзүн көрсөткөндүн ордуна бийлик менен оппозициянын ортосуна данакер болуп түзүүчүлүк иштер менен аракет кылса жакшы болор эле. Бир убакта президент болуп иштеген адам бир жактуу болбой, калыс болгону элге пайда алып келмек. Президент болгонго чейин көрүнгөн партияга мүчө болуп, көрүнгөн лидердин камчысын чаппай өзүнүн партиясын түзгөндө, Отунбаеванын деле күчтүү өз партиясы болмок. Тилекке каршы, ал мындай кылганга кудурети жеткен жок. Мадумаров болсо бир жогорку кызматка жетсе бийликти көкөлөтүп, мактоого даяр. Түркиядан кызмат алганда Атамбаевге капыстан эле кошомат кылып калганына коомчулук таңкалган. Мындан көрө ал “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын бутунан турушу үчүн катуу аракет кылса, ал партия эл колдогон партия болуп, чоң күчкө айланышы мүмкүн эле. Келдибеков болсо “Ата Журт” саясый партиясын парламенттин бешинчи чакырылышына күчтүү партия катары алып келгендердин бири болгон. Ошондуктан ал Жогорку Кенештин төрагасы болуп да шайланды. Бирок “Ата Журт” партиясынын лидерлери өздөрүн Кудай сезип алышып, элдин пикири мене эсептешпей көөп кетишип, акыры Жогорку Кенешке келмек тургай партиясынын дайынын таппай калышты… Ток этери, жогоруда мен атагандар өздөрүнүн алдарын билбей эле тейтеңдей беришсе күлкүң келет да…

–Болдуңбу?

–Ал эми жыйынга катышкан башка лидерлер тууралуу кенен-кесир токтолбой турайын. Алардын көбүнүн деле ушундай эле “оорулары” бар. Анан “ушул лидерлер баштарын бириктирип бир күчтүү партия түзөт” дегенге ким ишенет? Ишенүү өтө кыйын. Ал эми Атамбаев болсо булар сыяктуу аркы өйүз же берки өйүзгө чабылбай өзү түзгөн КСДПны барган сайын өнүктүрүп, кемчиликтеринен жыйынтык чыгарып, президент болуп турганда дагы партиясына көңүл бөлүп, балапандай бөпөлөп келди. Акыры мына ошонун үзүрүн көрө баштады. Ошондуктан жогоруда чогулган лидерлер Атамбаевге ичтардык кылбай, өлкөнүн өнүгүшүнө жапатырмак жардам бериши керек. Биз дагы да жаңы партияларды түзүүгө басым жасабастан, өлкөбүздүн, улутубуздун өнүгүшүнө басым жасашыбыз керек.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: