Казакстан Жогорку соту “Адил сөз” уюмунун башчысы Тамара Калеева жана Казакстан Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевдин Асет Матевдин ишин жеке көзөмөлгө алуу боюнча ачык катына комментарий берди.
Өткөн аптада Капшагай шаардык соту 33 жаштагы Асет Матаевдин калган жазасын жатак абакта өтөө тууралуу берилген доо арызды канааттандырган эмес.
Жогорку сот Асет Матев жана анын адвокаттары мыйзамга ылайык, Капшагай шаардык сотунун токтомун кайра карап чыгуу боюнча доо арыз менен кайрылышса боло турганын билдирди. Мындан тышкары төмөнкү инстанциядагы соттор конкреттүү бир иш тууралуу жогорку инстанцияларга отчет бербей турганы белгиленген. Билдирүүдө мыйзамда жана соттук тажрыйбада “жеке көзөмөлгө алуу” деген түшүнүк жок экени кошумчаланган.
2016-жылы 3-октябрда КазТАГ агенттигинин жетекчиси Асет Матаев акча кымырууга жардам берген делип, беш жылга эркинен ажыратылган. Казакстан Журналисттер бирикмесинин жана Улуттук пресс-клубунун жетекчиси Сейтказы Матаев мамлекеттин акчасын кымырууга жана салык төлөөдөн качууга айыпталып, алты жылга кесилген. Экөөнүн тең мүлктөрү конфискацияланган. Аларга мамлекеттик жана коммерциялык жетекчилик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынган. 2017-жылы 63 жаштагы Сейтказы Матаев шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыккан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ