Menu

Сапар Исаков ички иштер органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Сапар Исаков ички иштер органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын милиция күнү менен куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Төмөндө Премьер-министрдин куттуктоосу:

«Урматтуу кыргыз милициясынын кызматкерлери жана ардагерлери! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өлкөбүздүн ички иштер органдарынын өздүк курамын жана ардагерлерин кесиптик майрамы – Милиция күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздер өз өмүрүңүздөрдү оор жана ардактуу кесипке байлагансыздар. Жалпы элдин коопсуздугу үчүн жанын курман кылып, тикесинен тик турган милициянын ар бир кызматкеринин үзүрлүү эмгеги мамлекетибиздин тургундарына туруктуу жана тынч жашоону камсыз кылып, кепилдик берип турат. Кызматкерлердин машыгуусунан, өзүн-өзү кармана билүүсүнөн жана кайраттуулугунан криминалдуу элементтерге каршы күрөшүүдө чечкиндүү кадамдардын натыйжалуулугу көз каранды.

Милициянын ишмердиги – коомдук жашоонун ажырагыс бир бөлүгү. Сиздерге адамдын тагдырына байланышкан маселелерди чечүүгө туура келет. Ошондуктан милициянын кызматкерлери акыйкаттуулук, адамга карата терең урмат-сый менен мамиле кылып, жогорку кесипкөй маданиятка жана өтө жоопкерчиликтүү сапаттарга ээ болушу керек. Күнүгө аткарган кызматыңыздарда Сиздер өз кесибиңиздерге берилгендигиңиздерди далилдеп келе жатасыздар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өмүрүңөр жогорку кооптуулукта тургандыгына карабастан, кызматтык милдетиңиздерди так аткарып, кажыбас, ак ниет кызматыңыздарга жана кайратмандыгыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем.

Сиздер мындан ары да конституциялык парзыңыздарга берилгендигиңиздерди далилдеп, укуктук тартипти жана коопсуздукту сактоодо өз кызматыңыздарга бекем турасыздар деп ишенем. Улуу муундун даңктуу салтын татыктуу уланта бериңиздер.

Баарыңыздарга жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм!».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: