Menu

Өзбекстанда депутаттарга улуттук кийим кийгизүү сунушталды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Улуттук университетинин доценти, Инновациялык технологиялар борборунун директорунун орун басары Мирякуб Хайдаров парламент депутаттары үчүн улуттук салт-санаага негизделген дресс-код киргизүүнү сунуштады.

Доценттин пикиринде, парламент депутаттар европалык кийимдерди кийбеши керек. Ал эл өкүлдөрү жумушта улуттук кийим менен жүрүшү зарыл деп эсептейт. Маселен, жайында жибек чапан, кышында – кыл торко же баркыт чепкен кийүүлөрү керек.

«Мыйзам чыгаруучу палата улуттук стилдеги кийимдердин үлгүсүн бекитет. Жергиликтүү органдар өз аймактарынын кийимдерин кийгени оң. Албетте, ферганалыктар сурхандарыялыктардан айырмаланып турат», – деп жазды Мирякуб Хайдаров Podrobno.uz сайтына жарыяланган макаласында.

Анын пикиринде, өзбектер улуттук баалуулуктарына, салт-санаасына кайтып келүүсү абзел. Ал элге үлгүнү алгач депутаттар көрсөтүшү керек деп эсептейт.

Буга чейин Кыргызстанда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өлкө башчыларын калпак кийүүгө милдеттендирүүнү сунуш кылышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: