Menu

Орусиянын тергөө абактарында 200дөн ашык тажикстандык мигрант кармалып турат

Бөлүшүү:

Орусиянын беш тергөө абагында отурган 200дөн ашык тажикстандык мигрант аларды мекенине жеткирүү маселесин тезирээк чечүүнү талап кылышууда.

Мигранттардын бир бөлүгү Орусияда жүрүү эжелерин бузгандыгы үчүн кармалса, калгандары абактагы жаза мөөнөтү аяктагандан кийин тергөө абагына убактылуу киргизилген. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, түрмөдөн чыккан чет өлкөлүк жарандар депортацияланышы керек. Бирок пандемиядан улам чек аралар жабылып калгандыктан, алар тергөө абактарында кармалууда.

Псков облусунун, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынын тергөө абактарында отурган тажикстандыктар андагы шарттарга даттанып, соцтармактарга видеолорду жайгаштырышууда.

Буга чейин Мордовиядагы тергөө абагында кармалып турган 24 тажикстандык мигрант нааразылык катары ачкачылык жарыялаган. Тажикстандын элчилиги алар жакынкы күндөрү мекенине жеткириле турганын убалагандан кийин тамак иче башташкан.

Акыркы жылдары Орусиядан 200 миңден ашык тажик жараны депортацияланган. Бул өлкөдө камакта отурган тажикстандыктардын саны болжол менен 10 миңге жетет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: