Орусиянын башкалааасындагы атактуу ГИТИС театрында Подольск драма театрынын эмгек жамааты Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романынын негизинде жазылган аты уйкаш спектаклин көрөрмандарга тартуулашты.
Спектаклдин алдында Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин кеңешчиси Б.Абдыжапарова элчи Болот Отунбаевдин куттуктоосун жар салды. Буга улай Орусиянын курамындагы Татарстан Республикасынын вице-премьер-министри Р.К.Ахметшиндин дагы кугтуктоосу кошо окулду.
Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” спектаклин Москва шаарынын интеллигенциясы, Татарстан Республикасынын жетекчилиги, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, эл аралык бир катар уюмдардын өкүлдөрү көрүшүп, жылуу ой-пикирлерин калтырышты.
Баса, аталган спектакль дүйнөлүк алкактагы атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун быйыл белгиленчү 90 жылдык мааракесинин урматына арналып көрөрмандарга тартууланды.
Алишер Т0КС0НБАЕВ, өз кабарчыбыз
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ