Menu

Кытай тарап Бакиевдер жана анын жакындары “аркасында турган” долбоорго насыя берет

Бөлүшүү:

Белоруссиянын Өкмөтү “жогорку технологиялык толук циклдүү айыл чарба өндүрүштүк ишканасы” инвестициялык долбоорунун алкагында Кытайдан 1,750 миллиард кытай юаны ( 280 миллион доллар) насыяны 2 пайыздык үстөк менен Өкмөттүк жеңилдетилген кредит катары алууну көздөөдө. Бул тууралуу эки өлкөнүн келишиминде көрсөтүлгөнүн, Улуттук укуктук портал жарыялады. Кредитти каржылоого байланышкан пайыздарды Кытай Өкмөтү төлөмөй болду.

Кредит 15 жылга берилип жеңилдетилген мөөнөтү 5 жылдан ашпайт. TUT.BYнин маалыматына ылайык, долбоордун аркасында Курманбек Бакиев жана анын балдары турат. Кыргызстанда бийликте турган кезде алар ушуга окшош долбоор менен иш жүргүзүшкөн. “Бул жерде алардын да башка негиздөөчүлөрдүн да үлүштөрү болушу мүмкүн. Бирок негизги бөлүгү сырттан тартылып келген каржылоо” — деп белгиленет билдирүүдө.

Ошондой эле Белоруссиянын ММКлары “ Белорус улуттук био технологиялык корпорациясы” жабык акционердик коомун мурдагы Премьер-министр , учурда Белорус жарандыгын алып атын Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган Данияр Үсөнөв жетектейт экенин да жазып чыгышты.

Булак: Багыт 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: