Бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык-процессуалдык кодексин колдонуудагы айрым маселелер” темасында өлкөнүн түштүк регионунда жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн эки күндүк семинар өткөрүүдө. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.
Семинар 2017-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык-процессуалдык кодексин колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын судьяларынын билимин жана көндүмдөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Семинардын программасы боюнча маселелердин 9 блогу каралат, дискуссия өткөрүлгөндөн кийин катышуучуларга сурамжылоо жүргүзүлөт жана сертификаттар тапшырылат.Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы – Гульбара Калиева, GIZ эксперти, Германия, Ганновердин Ылдыйкы Саксониянын округдун сотунун отставкадагы төрагалык кылуучу судьясы – Томас Херманн, GIZ программасынын Кыргызстандагы улуттук координатору Мадалиев Рустам лектор катары чыгышты.
Иш чара “Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү» (GIZ) эл аралык кызматташтык боюнча Герман коомчулугунун программасынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ