Menu

Фотобаян – Төрага Дастанбек Жумабеков жакыр үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга майыптар арабасын тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар Эрнис менен Айсулуу Ырсалиевдердин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүп, Бахтияр уулу Адилетке майыптар арабасын белекке берди.

Алгач үч кичинекей балдары бар Эрнис Ырсалиевдин үйүнө барып, алардын абалынан кабар алды. Жакыр турмушта жашаган алар, медициналык жардамга муктаж экендиктерин айтышты. Төрага аталган үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүп, балдарына кыргыз эл жомокторун камтыган китептерди белекке берди.

Андан соӊ, Төрага Дастанбек Жумабеков жергиликтүү тургун Бахтияр уулу Адилетке да жолугуп, ага майыптар арабасын белек кылды. Белгилей кетсек, Адилет Төрагага “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Батыралиев аркылуу кайрылган.

Адилетке бекем ден-соолук, сабыр тилеген Төрага “Ар бирибиздин жашообузда ар түрдүү кыйынчылыктар болот. Сиз кайгырбаӊыз, биз дайыма колдоп турууга даярбыз”, – деди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: