Menu

Ферганада коомдук тамактануу жайларына эшек этин саткандар кармалды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Фергана облусунда коомдук тамактануу жайларына эшек этин ташыган топ кармалды. Бул маалыматты өлкөнүн Башкы прокуратурасы ырастады.

Өлкөнүн Куштепе райондук администрациясынан кабарлашкандай, мал доктурлар менен укук коргоо органдарынын биргелешкен рейди марттын башында жүргүзүлгөн. Буга түнкүсүн эшектердин айкырганына нааразылык билдирген жергиликтүү тургундардын кайрылуусу себеп болгон.

Рейддин жүрүшүндө далил катары үйлөрдүн биринен шектүү жыттанган 140 килограмм эт жана эшектин ичеги-карындары табылган.

Маалыматка караганда, эшектер Куштепедеги менчик үйлөрдүн биринде союлуп, Фергана шаарына жана Ташлак районундагы самсы, лагман даярдаган жайларга жеткирилип турган.

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү эшектин этин сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун ырасташты.

Өзбекстанда эшектин эти уйдун этинен дээрлик төрт эсеге арзан. Бир эшектин баасы 300-500 миң сумду (36-60 АКШ доллары) түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: