Москвада Кыргызстандын үч жараны ымыркайды сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Орусиянын ММКлары жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, 22 жаштагы Кыргызстандык келин уурдалган наристе тууралуу арыз менен полицияга кайрылган. Анын арызында, интернет аркылуу кыргызстандык үй-бүлө менен былтыр, октябрда таанышканы, баласын багып алып, жашырынып жүргөнү жазылган. Алар менен ал ушул жылдын августунда толгоосу башталганда, эмне кылаарын билбей, таанышкан үй-бүлөгө байланышкан. Алар медициналык тез жардам кызматын чакырбоону сунуштап, төрөтканага өздөрү жеткиришет. Аман-эсен көз жарып, уулдуу болот. Бирок, төрөттөн кыйналып, абалы оорлоп калгандыктан, эки жума ооруканага жатып калат. Баласын төрөтканага жеткирген жубайларга берип, чыккандан кийин алаарын айтат. Ооруканадан чыккандан кийин, анын ишенген адамдары ымыркайды өздөрүнө каттатып алышканын, баланы багууга алы жетпей турганын айтып, жолго салышкан.
Полиция экинчи тараптын маалыматын укканда, алар жаш келин баласын багуудан баш тарткандыктан, багып алышканын, ага 150 миң рубль беришкенин айтышкан. Жыйынтыгында, ымыркайды алып-сатуу фактысы катталып, үчөөнө тең кылмыш иши козголуп, камакка алынган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ