Menu

Тышкы иштер министри Ош облусунда бак-дарак көчөтүн отургузууда катышты

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 25-март күнү КРнын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев Ош шаары жана Ош облусуна иш сапары менен барды.

Иш сапар алкагында Министр Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин камкордукка алган социалдык мекемелери Ош облусундагы Кара-Суу атайын дүлөй балдар үчүн жалпы билим берүү мектеп-интернатына барды. Эң негизги окуялардан бири Кара-Суу атайын дүлөй балдар үчүн жалпы билим берүү мектеп-интернатда Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун атындагы классынын ачылуу аземене катышты. Министр мектеп жамаатына жана окуучуларына өзүнүн каалоо тилектерин айтты жана жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларын белекке тартуулады. Андан кийин мектеп-интернат аймагына бак-дарак көчөтү отургузулду.

Иш сапар акырында, Ош шаарындагы Өзбекстан Республикасы тарабынан каржыланган А.Навои атындагы мектептин курулуш иштери менен таанышты.

Маалымат: Ош шаарында А.Навои атындагы Өзбекистан Республикасы тарабынан каржыланган гимназия-мектептин курулуш иштери жүрүп жатат. Окуу мекеме 630 орунга эсептелген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: