Menu

Шашылыш билдирүү: 27-мартта жана 28-мартта түнкүсүн аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Бөлүшүү:

КР ӨКМ бүгүн жана эртең аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтулүп жаткандыгын эскертип, шашылыш билдирүү таратты.

27-мартта жана 28-мартта түнкүсүн аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 27-мартта жана 28-мартта түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 3…8°, күндүз 10…15° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…21°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 26-27-мартта аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная Горка – Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 289-чакырымында (Чоң-Көчкү), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри – Суу участкасынын 42-44 чакырымдарында, Арал-Суусамыр автоунаа жолунун 8-21 чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 27-28-мартта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дарыяларында суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн. Арык системасы тазалоонуу сунуштайбыз.

27-29-мартта Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

27-28-мартта мезгил-мезгили менен нөөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-мартта 14 метрге жетиши күтүлөт. 29-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөт, күндүз кыска мөөнөттү жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

27-29-мартта Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

27-мартта жана 28-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен нөөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 28-мартта күндүз жана 29-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу

27-мартта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

28-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 28-мартта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. 29-мартта кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: