Menu

Түркия тажикстандык кумсаны мекенине депортациялады

Бөлүшүү:

Түркия бийлиги Стамбулдагы көңүл ачуу жайларынын биринде иштеп жүргөн тажик кумсаны мекенине депортациялады. Мындай чечим анда ВИЧ инфекциясы бар экени аныкталгандан кийин кабыл алынган.

Өзүн Фотех деп тааныштырган тажикстандык кумса 2010-жылы Орусияга иштегени кеткен. «Үч жыл мурда досторум мага Стамбулдагы көңүл ачуу жайларынын биринде жумуш таап беришкен. Анда мен официант жана бийчи болуп иштечүмүн. Андан тышкары кыздарга бий боюнча сабак берип жүргөм», – деди ал.

Фотехтин айтымында, ал ВИЧти кантип жуктурганын билбейт. «Акыркы кездери Түркияда ооруп жүргөм. Депортациялангандан кийин азыр дарыланып жатам», – деди ал.

ВИЧ менен ооругандарга жардам берүү боюнча кайрымдуулук уюмдун кызматкери Акбар Хомидов депортациялангандан кийин Фотех депрессияга кабылып, спирт ичимдигин көп ичкенин билдирди. «Ал башкалар менен жыныстык катнашка барып, аларга жуктурат деген коркунуч жаралды. Мындан улам биз аны дарыгерге алып барып, дарылануусун катуу көзөмөлдөп жатабыз», -деп билдирди ал.

Жакында эле Тажикстан ИИМи менен Башкы прокуратурасы 370ке жакын кумсалар менен лесбияндардын тизмесин түзүшкөн. “Конуният” (“Мыйзамдуулук”) журналынын маалыматы боюнча тизмеде 319 кумса жана 48 лесбиян бар. “Алардын секс-азчылык өкүлдөрү экендиги далилденип, бардыгы оперативдүү эсепке алынышты”, – деп жазган басылма.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: