Menu

Видео – Астанада автобус айдоочулары айлыкты көтөрүүнү талап кылышууда

Бөлүшүү:

27-декабрда Астанада ондогон автобус айдоочусу айлыкты көтөрүү жана эмгек шарттарын жакшыртуу талаптары менен автопарк жетекчилигинин имаратынын алдына чогулушту.

Алар ошондой эле сааттык тарифтик ченди кеминде миң теңгеге (үч долларга жакын) чейин жогорулатууну дагы талап кылышты. Учурда каттамга жараша тарифтик чендер 650-820 теңгени түзөт.

Чогулган айдоочулар менен жолуккан автопарктын жетекчиси Сабит Болатов азырынча маяналарды жогорулатууга мүмкүнчүлүк жок экенин айтып, бирок эмгек шарттарына байланышкан маселелерди чечүүгө аракет кыларын убадалады.

Айдоочулар маселени автопарктын кесиптик кошууну аркылуу чечүүгө ниеттенишүүдө. Бирок автопарк жетекчилиги айдоочуларга жаңысын түзбөстөн мурдагы кесиптик кошуундун курамына кирүүнү сунуштады.

Айдоочулардын бири Абдирахим Бейсен алар айлыкты көтөрүү маселеси боюнча «тиешелүү органдарга» кайрыла тургандыктарын билдирди. Анын айтымында, учурда аталган парктын автобус айдоочусу айына 170-200 миң теңге (500-600 доллар) алат.

— Биз суткасына 15–18 сааттан иштейбиз. Ар бир айдоочу автобусту кабыл алгандан тарта ага жооптуу болот. Каттамдан кийин болсо автобусту жууш үчүн бир нече саат кезек күтүүгө туура келет, — деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: