Menu

Өзбекстан талиптер менен Кабулдун сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Өзбекстан ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштурууну сунуш кылды. Бул тууралуу өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте өтүп жаткан Ооганстан боюнча эл аралык конференцияда билдирди.

«Биз бардык шарттарды түзүп, Өзбекстандын аймагында Кабул менен талибдердин ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү уюштуруп берүүгө даярбыз», – деди Мирзиёев.

«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Ташкентте өтүп жаткан конференцияга катышпай турганын билдирген.

Ташкенттеги иш-чара 28-февралда ооган президенти Ашраф Ганинин ​талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн эч кандай шарт койбостон баштоону сунуш кылган демилгесинен кийин өтүп жатат.

Саясий эксперттердин баамында, Өзбекстандын бийлик башына 2016-жылдын соңунда келген президент Мирзиёев өлкөсүнө четтен инвестиция тартуу максатында Ташкенттин эл аралык аброюн көтөргүсү келет.

Ташкенттеги жыйынга Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини жана Орусиянын, Кытайдын, Түркиянын, Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери катышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: