УКМК өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиевди 22-мартта суракка чакырганын басма сөз кызматынын башчысы Рахат Сулайманов кабарлады. Сулайманов: Момуналиевдин суракка чакырылышы Бишкек Жылуулук электр борборунун от казандарын ремонттоо үчүн тендер өткөрүү фактысы менен байланыштуу экенин, 2017-2018-жылдары Бишкек шаарынын жылуулук мезгилине даярдык жана ремонт иштери боюнча ондоо иштерин жүргузүү үчүн келишим түзгөн “Аймар Энержи” ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири Нурханбек Момуналиевдин жакын тууганы болуп эсептелгендигин билдирди.
Буга чейин Нурканбек Момуналиевдин апасына катталган фирма ТЭЦти ондоп – түзөө ишине катышып, бир катар мыйзам бузууларга барганын, ал тургай ал фирма аркылуу 20 миллион сом жегенби деген суроолуу маалыматты бир катар ЖМКлар жазып чыгышкан. Нурханбек Момуналиев 2012-жылы Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген. 2012-2016-жылдарда өкмөт аппаратына жетекчи болуп дайындалган. 2016-жылдын апрелинде кайрадан Мамлекеттик кадр кызматынын директору кызматына коюлуп, 2017-жылдын жайында өкмөт аппаратынын башчылыгына кайра келген.
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ