Menu

Нарынбек Молдобаев, коомдук ишмер: Жээнбековдун Кыргызстан өнүккөн, бай өлкө болооруна көзү жетип эле турат

Бөлүшүү:

Нарынбек Молдобаевич ТЭЦти жаңылоодо желип кетти деген 386 миллион доллардын чыры дагы деле коомдо орчундуу маселе бойдон турат. Кытайдын ТВЕА компаниясына Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттары сиздер уруксат бергенсиздер. Ушул тууралуу эмне айта аласыз?

– Мен 2008-жылы ТЭЦтин ошол кездеги жетекчилери менен сүйлөшүп калган жайым бар. Өз иштерин аябай мыкты билген жигиттер эле. Ошондо ЖЭБден түшкөн каражаттардын 1 бөлүгү бюджетке, 1 бөлүгү мазут, көмүр сатып алууга, 1 бөлүгү жыл сайын оңдоп-түзөө иштерине жумшалат деп айтышкан. Бирок баары бир ТЭЦти жа-ңылоо зарыл, биздин адистер эсептеп чыгышты, 250 миллион доллар болсо, 100 пайыз толугу менен азыркыдан дагы кубаттуу кылып кайрадан салып чыкса болот дешкен. Анан 2009-жылы Сапарбек Балкыбеков энергетика министри болгондон кийин, ТЭЦти оңдоого бөлүнчү каражат Максим Бакиевдин чөнтөгүнө кетип жатканы кеп болду. Бул маселе боюнча анан мен парламентте чыгып, Сапарбек Балкыбеков мырза, сен бир феномен болдуң. Минтип иштеп турсаң Бишкек караңгы түндө калат. Эл сени жети тукумуңа чейин каргайт деп айттым. Кийинки жылы эле революция болуп, 2010-жылы кайра парламенттик шайлоо өттү. Ал кезде энергетика министри Осмонбек Артыкбаев болуп калды. Анан ТЭЦти жаңылоо маселеси көтөрүлүп, 2012-жылы Артыкбаев Кытайдын ТВЕА компаниясын таап келди. ТЭЦти модернизация кылганга 386 миллион доллар кетээрин айтышты. Ошону укканда эле ордуман тура калып, 250 миллионго эле 100% жаныланмак, 136 миллион долларды эмне кылганы жатасыңар деп кыйкырдым. Бирок менин сөзүмдү ошондо эч ким уккан эмес. Мына азыр аттиш 600 долларга алынган дешип кириштеп, дүйнө жүзүнө уят болуп жатабыз. Эми бул чуулгандуу былык иштердин артында кимдер турганын депутаттык комиссия алып чыгып, коомчулукка ачык айтышы керек. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартканга али дагы кеч эмес.

– ТЭЦти модернизация кылганга түздөн-түз жооптуу жетекчилердин мыйзам алдында күнөөлөрү барбы?

– Негизи кандай иш болсун, жетекчилер жооп бериш керек. Анткени ар бир иш ошолордун уруксаты, көзөмөлү менен ишке ашат. Ансыз куурайдын башы сынбайт. Бирок учурда жоопкерчилик тартчулар мыйзамдан буйтап, менин күнөөм жок дегенди айтып жатышат. Мына ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев: «Мен ТЭЦ үчүн эмнеге уялышым керек. Тескерисинче сыймыктанам, ушундай сонун кылып жаңыладык», – деп айтып жатат. Ал эми ошол учурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев: «ТЭЦти мен жасаган жокмун. Аны адистер жасашты. Баарын Энергетика министрлиги даярдаган. Менин эч күнөөм жок», – деп жатат. Эми бул ишти чындап иликтеп күнөөлүүлөрдү жазалоого мамлекет жетекчисинин эрки жете турган болсо, бул маселенин аягына чыгарууга кызыкдар болсо, анда жооп берчүлөр көп. Себеби эл, мамлекет карыз болуп жатат. Кытай элчиси ачык эле «Ички маселеңерди билбейбиз, карызды төлөйсүңөр» деп айтпадыбы.

– Экс-президент менен учурдагы президенттин ортосунда жарака кеткени айтылып, бул жагдай саясий кырдаалга өз таасирин тийгизээри кеп болуп жатат…

– Саясат өтө татаал нерсе тура. Кириш оңой, чыгыш кыйын. Алмазбек Атамбаев дээринен саясатчы адам экен. Учурда мурдагыдай саясаттын төрүндө болбосо дагы, чечүүчү рычагдарды кармап туруу максаты болсо керек. Ага потенциалы, күчү дагы жетет. Бирок эл экөөнүн кармашын туура көрбөйт. Албетте, экөөнүн ортосуна жарака кетээри башынан белгилүү болчу. Анткени бийлик бар жерде, таасир талашуу жүрөт. Негизи кош бийлик болбош керек. Атамбаев колунан келгенин аткарды. Өз каалоосу менен бийликти өткөрүп берип, тарыхта калды. Эми жаңы президентке мүмкүнчүлүк бериш зарыл. Эл шайлады. Шайланган президент эл алдында бир топ убадасын берди. Ички саясаттан тышкары тышкы саясат бар. Өз милдетин аткаруу үчүн президент эркин болушу кажет. Кимдир бирөөдөн көз каранды болбошу шарт. Эгер экөө чындап тирешип кала турган болсо, зыяны элге тийбеш керек. Эл митинг-пикет, революциядан чарчап бүткөн. Тынч жашоого көнүп калганда, кайрадан ызы-чуу чыгышын каалашпайт. Карапайым калкка андайдын кереги жок.

– Президент Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттин жоопкерчилигин толук өзүнө алып, жүгүн тартып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жетиштүүбү?

– Президенттин жетиштүү ыйгарым укуктары бар. Мүмкүнчүлүк президентте болбосо, кимде болот? Бир топ жыл жетекчилик кызматта иштеди. Бардык мамлекеттик тепкичти басып өттү. Тажрыйбасы жетиштүү. Мурда кийин ичип-жеген деген жаман сөз ээрчиген эмес. Арты таза. Бирок учурда бийликти толук колуна ала элек. Коррупция менен күрөштү күчөтөм деп убада берип жатат. Ага-тууганымды бийликке аралаштырбайм деп айтууда. Эми турмуш чындыгы кандай болоорун мезгил таразалайт. Президент азыркы тапта коррупциялык күрөштү Коопсуздук кеңеши аркылуу көзөмөлдөгүсү келип жатат. Бирок бардык укукту бир органга берип койгон туура болбойт. Анткени ал орган монстр болуп, репрессиялык органга айланып калуу коркунучу туулушу мүмкүн. Ошондуктан күч органдары менен сот тармагына реформа кылуу күндүн күрөө тамыры болуп турат. Президент коррупция менен күрөшүүдө ушул жагдайга көңүл бурушу абзел.

Президент Жээнбековдун Кыргызстан өнүккөн, бай өлкө болооруна көзү жетип эле турат. Атамбаев өз каалоосу менен бийликти өткөрүп берип, өлкөдө стабилдүүлүктү камсыз кылган, коррупциялык күрөшкө жол ачканы менен тарыхта калса, Жээнбеков көмүскө экономиканы ачыкка алып чыккан, коррупцияны жеңген лидер катары тарыхта калганга аракет кылышы милдет.

Автор Алмаз Темирбек уулу

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: