Ашхабад аэропортунда өлкөгө келген жүргүнчүлөрдүн кол телефондору текшерилип, өзүлөрү андагы маалыматтар боюнча сурак беришүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына өз булактары билдиришти.
«Биз Стамбулдан учуп келээрибиз менен токтотушуп, кол телефондорубузду тартып алышты. Андан соң сурак үчүн атайын бөлмөгө алып барышып, телефондогу маалыматтарды 3-4 саат текшеришти. Андагы номурлары жазылган адамдар жөнүндө сурап, кандай мамиледе экендигибизге кызыгышты. Кандай чет өлкөлүк сайттарды окуйсуңар деп сурап, чындыкты айтуубузду талап кылышты», — деди басылманын булагы.
Анын айтымында, буга чейин Ашхабад аэропортунда телефондор текшерилип жатканын уккан, бирок мынчалык кылдат текшерилет деп күткөн эмес.
«Биз мындай болот деп күткөн эмеспиз. Бөлүмдө суракты же анын жыйынтыгын күткөн адамдар көп болду. Арасында бир күн бою тургандар дагы бар экен», — деди ал.
Булактардын дагы бири учурда түркмөн бийлиги чет жактардан келген жарандардан тышкары, алардын өлкө ичинде жашаган туугандарынын дагы телефондорун текшерип, суракка алып жатканын билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ