Menu

23-29-ноябрга чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бөлүшүү:

ӨКМдин басма сөз кызматы жакынкы күндөргө карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

23-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

24-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Иссык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 25-ноябрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 26-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

27 ноябрда Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

28-29-ноябрларда жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз.  Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: