Menu

Сөз эркиндигин коргоо комитети Атамбаевди журналисттерге кысым жасоого, сөз эркиндигин куугунтуктоого, жарандардын жеке коопсуздугун бузууга жол бербөөгө чакырат

Бөлүшүү:

Сөз эркиндигин коргоо комитети белгилүү блогер, биздин кесиптешибиз Адил Турдукуловго каршы Эркин Мамбеталиевдин доосу Кыргызстандагы жарандык коомго, журналисттерге кысым жасоонун жаңы баскычы болуп саналат деп билдирет. Мунун президент Атамбаевдин эң жакын айланасынан, анын мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевден чыгып жатканы кокустук эмес. Доогер 2015-жылдын 4-октябрында Facebookка жарыяланган постко бир жылдан кийин таарынып, Адил Турдукуловду дал азыр сотко берүүнү чечип олтурат. Себеби президент Атамбаевдин акыркы басма сөз конференциясындагы кезектеги сөзү анын айланасы үчүн ММКларды басууга, жакпагандарды куугунтуктоого ишараат болуп калды. Атамбаев прессага, журналисттерге карата өз мамилесин жашырбай, ММКларды ачыктан ачык өз менен жатка бөлүүдө. 2015-жылы ал “Вечерний Бишкек” басма үйүнө карата соттук куугунтуктоону колдоого алып, ал иште Эркин Мамбеталиев доогер катары чыккан эле. Ал бул жолу да бийликтин колундагы курал гана болуп калууда.

Адил Турдукуловдун Эркин Мамбеталиевге карата ФБдагы посту анын уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары 2004-жылы эле полковник Чыныбек Алиевди өлтүрүүгө катышканы боюнча шектелип кармалганы тууралуу көп сандаган макалалар менен пикирлерге негизделген. Ал жылдары Мамбеталиев тууралуу жергиликтүү да, россиялык да ММКлар жазышкан. Аны 2000-жылдын биринчи жарымында болуп өткөн бир нече киши өлтүрүүлөр боюнча күнөөлөшкөн. Басылмалардын маалыматы боюнча 2005-жылкы “жоогазын революциясынан” кийин, ага катышкан Атамбаев өз сакчысын бошотуп алуунун камын жеген. Ошентсе да, кийинчерээк, 2008-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны ал айыпталып жаткан сегиз кылмыштын үчөө боюнча күнөөлүү деп тапкан. Айыпталуучу өмүр бою камакка кесилген. Кийин Мамбеталиевдин туугандары өкүмгө даттанышып, аны жеңилдетүүгө жетишкен (25 жылга чейин эркинен ажыратууга). 2010-жылдын апрель төңкөрүшүнөн кийин президент Курманбек Бакиев кулатылып, Атамбаев болсо бийликке келип, Мамбеталиевдин иши “жаңы ачылган жагдайлар боюнча” кайра каралган. Натыйжада сот Мамбеталиев депутатты өлтүрүүдө күнөөсүз, ал эми калган киши өлтүрүүлөр боюнча 15 жылдык түрмө менен жазаланышы керек деп жарыя кылган. Бирок ал ошол мөөнөттү да өтөгөн эмес: сот ага мунапыс колдонуп, эркиндикке чыгарып жиберген.

Жарандык коом Адил Турдукуловду куугунтуктоого олуттуу тынчсызданганын билдирет. Социалдык тармактарга ага карата коркутуулар башталды. 2016-жылдын 5-декабрында бул окуя тууралуу жаңылык агенттигинин маалыматын “Фейсбук” социалдык тармагында комментарийлеген Конституцияны өзгөртүүнү “Колдоо” тобунун мүчөсү, Алга Кылычев деген жаран Адил Турдукуловду күч колдонуп жазалоо менен, атап айтканда: “Тилиңди карма, тишиң сынып калбасын”, – деп коркутту. БШКда катталган Конституцияны өзгөртүүгө “Каршы” үгүт тобунун мүчөсү Бурул Макенбаева башкы прокурор Индира Жолдубаеванын атына Адил Турдукуловдун коопсуздугун камсыз кылуу арызы менен кайрылды. “Буга чейин массалык маалымат каражаттары Эркин Мамбеталиевдин киши өлтүрүү боюнча айыпталганын көп жолу жазышканы белгилүү. Ал эми 2015-жылдын 15-августунда учурдагы бийликти көп жолу сындап келген журналист Шайырбек Маматокторовго кол салуу болду. Аны сабап кетишти. ММКлар бул кол салуу Эркин Мамбеталиевге байланыштуу адамдар тарабынан жасалганын жазып чыгышты. Ошондуктан жаран Алга Кылычев социалдык тармактарда айткан сабап өч алуу коркунучу коомчулукту негиздүү тынчсызданууга түртүүдө”, – деп айтылат КР Башкы прокурорунун атына жазылган арызда.

Басма сөз эркиндигин коргоо комитети эл аралык уюмдарга, КРдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөргө да кайрылып, Кыргызстандын бийлигин, ошондой эле президент Атамбаевдин жеке өзүн өлкөнүн демократиялык прнинциптерден кетишине, сөз эркиндигин куугунтуктоого, жарандардын жеке коопсуздугун бузууга жол бербөөгө чакырат.

Комитеттин атынан: Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Равшан Жеенбеков, Бегалы Наргозуев, Бейшенбек Бекешов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: