Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-декабры күнү саат 05:04 чамасында Ленин районунун Кузбасская туюк көчөсүнүн №28 дарегиндеги үйдөн белгисиз себептерден өрт чыккан. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, өрттүн натыйжасында 90 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн чатыры, гараждын чатыры, кире бериш бөлмөсүндө кир жуучу машина, 2 даана пластик терезе күйүп кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ