Menu

Ашхабадда полиция казак унун саткан соодагерлерди суракка алууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстан борборунда полиция кызматкерлери соода түйүндөрүндө рейд өткөрүп, казак унун саткан дүкөн ээлерин суракка алышууда. Бул тууралуу ашхабаддык баяндамачы Аманмурат Бугаев билдирди.

Анын айтымында, Түркмөнстанда казак жана орус өндүрүшүнөн чыккан ун дайыма эле сатылып келген. Былтыр буудай түшүмүнүн аз болушу жана доллар курсунун жогорулашы менен ундун баасы өскөн.

Маалыматтарга караганда, 2-апрелде көмүскө базарда 1 АКШ доллары 13,8 -14,10 манатка бааланды. Бул чет элдик валютанын бейрасмий курсу расмий курстан төрт эсе жогору дегенди билдирет.

2017-жылдын соңунда Түркмөнстанга импорттолгон Орусия унунун көлөмү азайган. Бирок 2018-жылдын башынан тарта Казакстандан келген ун Ашхабад базарларында кирешелүү товарга айланды. Бул товардын көбөйүшү менен бийлик “Казакстанда жасалган” деген жазуусу бар ундар чын-чынына келгенде жергиликтүү өндүрүштөн чыккан болушу ыктымал деп шектенүүдө. Ошондуктан полиция товарлардын документтерин текшерүүдө, документи жок соодагерлер суракка алынууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: