Menu

Экс-президент Атамбаев өз сөзүндө президент Жээнбековду эч нерсе түшүнбөгөн, жазып бергенди окуй берген аңкоо киши катары сүрөттөдү

Бөлүшүү:

Ишемби күнү, 31-мартта КСДПнын 17-съездинде партиянын төрагасы болуп шайлангандан кийин Алмаз Атамбаев журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, жаңы президент Сооронбай Жээнбековду катуу сынга алды. Биз Атамбаевдин ар бир пикирине редакциялык комментарий берүү чечтик.

Атамбаев: “Сооронбай Жээнбековдун миссиясы – бул мындан аркы 3 жылда Кыргызстанды президенттик системадан парламенттик башкаруу системасына өткөрүп берүү гана”

Атамбаев: Сооронбай Шариповичке кээ бирде катуу, ага жакпаган сөздөрдү айтам. Кандай сөз айтсам да кабыл алат, анысына ыраазымын. Менин да кыялым бир топ... . Жаныңда коррупционер болбошу керек деп, аппаратындагылар акты кара деп кагаз алып барып жатса аны да айтышым керек. Муну Кыргызстандын президентине менден башка эч ким айта албайт. Анын тагдыры татаал мезгилге туш келди. Былтыр декабрдагы  Кыргызстандын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин , быйылдан баштап, Кыргызстан президенттик-парламенттик системадан, чынын айтканда президенттик системадан парламенттик башкаруу системасына өтүү башталды. Бул президент үчүн чоң сыноо. Анткени мен сыяктуу бийликти бир колдон бир колго эле өткөрүп бербей, бир системадан экинчи бир системага ырааттуу өткөрүп бериши керек. Кыргызстанды президенттик системадан парламенттик башкаруу системасына өткөрүүнүн эң акыркы этабы Сооронбай Шариповичтин тагдырына туш келди. Сооронбай Шариповичтин миссиясы – бул мындан аркы 3 жылда, 2021-жылды кошкондо бийликти президенттик системадан парламенттик башкаруу системасына өткөрүп берүү гана. Акыркы жолу жолукканда биз 4,5 сааттан ашык сүйлөштүк. Менин мүнөзүмдү билесиңер. Менин өмүрүмдөгү акыркы 15-20 жыл үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы күрөш менен өттү. Өлкөдө чыныгы демократия орносун деп күрөштүм. Ошол эмгектерим эми текке кетпесин”, – деди Алмаз Атамбаев журналисттердин алгачкы суроосуна жооп берип жатып.

Редакциядан: Алмаз Атамбаев өзүнүн кыялы чатак экенин, анан президент Жээнбековго  кандай катуу сөздөрдү айтса да ал туура кабыл аларын өзү моюнга алып жатат. Ушул жерде бир суроо туулат, иштеп жаткан президентке катуу сөздөрүн айта тургандай Атамбаев эмне Аталык институтун киргизип жатабы? Бир өлкөнү башкарган журт атасына албетте кеңешин оозеки же кагаз жүзүндө айтып турса болот, бирок аны жаш балача жемелеп, катуу сөздөрдү айтуу чектен чыккандык эмеспи. Сооронбай Жээнбековдун тегерегинде деле бюджеттен айлык алган кеңешчилери, эксперттери, адистери, аппараты, бүтүндөй мамлекеттик институттар бар го, алар эмне эшек такалайбы? Анын үстүнө Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка Атамбаевге окшоп асмандан түшө калган жок да. Зоотехник, совхоздун директору, аким, губернатор, депутат, оппозиция, министр, премьер-министр кызматтарын аркалап жүрүп, чоң турмуштук, башкаруучулук тажрыйба менен келбедиби. Анан ушундай турмуштун ачуу-таттуусун көргөн тажрыйбалуу кишини катуу сөздөр менен жаш баладай жемелөө аны кемсинтүүгө болгон эле аракет.

Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча эми биз быйылдан баштап президенттик башкаруу системасынан парламенттик башкаруу системасына өтө баштадык, Жээнбеков ошону мындан ары 3 жылда аякташ керек дейт Атамбаев. Бул карандай калп да. 2016-жылы Атамбаев өткөргөн референдумда конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр Атамбаев өзү президент болгон кезде тартып алып койгон премьер-министрдин айрым ыйгарым укуктарын кайтарып бергени эле болбосо конституция боюнча Кыргызстан президенттик-парламенттик башкаруу системасында эле кала берди. Конституцияга эч кандай парламенттик системага өтүү нормалары киргизилген жок. Парламенттик системанын эң эле жөнөкөй белгиси – бул президентти эл эмес, парламент тарабынан шайлоо нормасы каралбады. Натыйжада 2016-жылдагы референдумдан кийин 2017-жылкы президенттик шайлоо жалпы элдик добуш берүү менен өткөрүлдү. Жазалоочу органдар, күч структуралары дээрлик бүт бойдон президенттин  колунда калды. Ошондуктан президент кезинде Атамбаев дайындаган Генпрокурор, УКМКнын төрагасы, ИИМ министри, Жогорку Соттун төрайымы алигиче кызматтарында калып, Атамбаев кызматынан кетсе да таасири кетпей келатат. Ошондуктан министрлердин баары, депутаттардын баары Жээнбековдон эмес, каматып коёт деп Атамбаевден коркуп, ашыкча сүйлөй албай олтурушат. Эгерде конституцияга парламенттик башкаруу системасынын институттары киргизилбесе президент Сооронбай Жээнбеков кантип өлкөнү 3 жылда парламенттик башкаруу системасына ырааттуу өткөрөт?

Атамбаев акыркы 20 жылда Кыргызстанда чыныгы демократия орносун деп күрөшүп келатам дейт. Анда неге Атамбаевдик режимге каршы чыгышкан оппозициялык 30дан ашык саясый туткундар абактарда олтурушат? Анда неге журналисттер жана өз оюн ачык айткан жарандык активисттер куугунтукталып, миллиондогон сомдорго доого жыгылышып, ооздору жабылууда?

Атамбаев: Президент Жээнбековдун аппараты мурда талкууланган, биринчи окууда жактырылган стратегияны эмес, таптакыр башка документти киргизгенге аракет кылыптыр. Ал жерде акырындап парламенттик өлкөгө өтүү өңдүү стратегиялык жагдайлар, “Таза коомдун” негизи алынып калыптыр. Мен Сооронбай Шариповичтен бул кандайча болуп кетти десем, ал “аппаратыма өтө ишенип алыпмын” деди. Ушундай нерселер чындап ачуумду келтирет. Кайрадан авторитардык башкарууга кайра келбешибиз керек. Биз ошондой эле Коопсуздук кеңештин жыйыны тууралуу сүйлөштүк. Ал жерде да мен ага аппараты башка даяр жазылган сөздөрдү суна коюп, айттырышканын далилдеген фактыларды келтирдим. “Атамбаев соңку үч жылда коррупция менен күрөшкөн эмес” деген сөздөр да болду. Эң чуулгандуу коррупциялык иштер Атамбаевдин тушунда ачыла башталган. Жадагалса бүгүнкү, 800 миллион сомдук кошумча нарк салыгын төлөбөй уурдап келген схема да былтыр апрелде Атамбаев тарабынан башталган, Сегизбаевге жана ошол кездеги АКСтин жетекчиси Чоткараевге тапшырма берилген. Анан августта биринчи далилдер табылган, бүгүн болсо аларга айыптар тагылды. Бул схеманын артынан эле бажыдан 10 миллиард акча желгендиги боюнча схеманы таптык.

Редакциядан: Атамбаев бул жерде президент Сооронбай Жээнбековду анын аппаратта иштеген жардамчылары алдап, ошол коопсуздук кеңешинде айтчу сөздөрдүн ордуна, башка эле бир максатта жазылган сөздөрдү суна койсо, аңдабай эле окуп берген бир аңкоо адам катары көрсөтөт. Кантип эле Жээнбеков ошол аппараттагыларына алданып калсын? Аппараттагы жооптуу кызматкерлердин да башы экөө эмес да президентти алдагыдай. Бул жерде Атамбаев 8-февралдагы Жээнбековдун кооопсуздук кеңешинде Укук коргоо органдарын катуу сындап сүйлөгөн сөзү тууралу айтып жатат. Биздин маалымат булактары билдиргендей, ал кеңешмеде Сооронбай Жээнбеков Фарид Ниязов көлөкөдөгү шефи Атамбаев менен акылдашып жазып берген сөздү окубай, өзү даярдап келген сөздү айтып, генпрокурорду, УКМКнын төрагасын, ИИМ министрин – Атамбаевдин кадрларын “иштебейсиңер, өзүңөр коррупцияга аралашкансыңар” деп айыптаганы Атамбаев менен анын көлөкөдөгү командасына катуу тийген. Бул тууралу Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алмазбек Курманалиев да сайттардын бирине “Жээнбеков коопсуздук кеңешинде башка бир адамдар даярдап эле кокусунан суна койгон туура эмес текстти окуп койду” деп айыптап жазып чыккан. Атамбаевдин логикасы боюнча жадагалса Жээнбеков эмне айтып, эмне сүйлөрүн да анын командасы жазып бериш керек, Жээнбеков ошону окуп гана коюш керек.

 Атамбаев: Премьер-министр Сапар Исаков өз ишин аткарып жатат. Мен буга чейин унчукпай келгем, Сапарга да айткам “Сооронбай Жээнбеков сенден улуу адам катары сени бардык маселелер боюнча айыптай баштайт, сен унчукпай эле чыдап кой” деп. Эми азыр чындыкты айтууга мезгил жетти. Бишкек шаарын күзгү-кышкы сезонго даярдоогу кемчилдиктер жана ТЭЦтеги авария боюнча кыйкырышканда аларга айткан киши жок… Сапар Исаков премьер-министрдин кызматына 2017-жылдын 28-августунда гана олтурбадыбы. Кайсы гана мамлекет болбосун, анын ичинде биздин өлкөдө да күзгү-кышкы сезонго даярдык сентябрда аяктайт эмеспи. Тендерлер жана башка иш чаралардын баары сентябрга чейин эле бүтөт. 2016-2017-жылдагы тендерлердин баарын Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү өткөргөн. ТЭЦти оңдоого 2016-жылы 280 млн сом, 2017-жылы 230 млн сом чыгымдашкан. Ушул тендерлердин баарын, кышка карата даярдыктын баарын ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун командасы ишке ашырган. Эми болсо “уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат” болуп жатышат… Бул элди алаксытыш үчүн, жөн эле көтөрүлгөн ызы-чуу деп айтпадым беле. Анткени ал жерден бир жаңжал чыгып кетсе аны мен тарапка буруп жиберишмек. Угуп койгула, мен баарына жооп берүүгө даярмын. Мен өз мекенимден эч жакка кетпейм. Мен бир гана ТЭЦти оңдоого эле буйрук берип токтоп калган эмесмин,  мен Токтогул ГЭСин оңдоого, электр иштеп чыгаруучу станиялардын баарын оңдоого буйрук бергемин. Азыр Токтогул ГЭСин, Ат-Башы ГЭСин оңдоп жатышат, Камбар-Ата-2 ГЭСине эки агрегат коюп жатышат. Анткени ал кезде Датка-Кемин электр өткөрүү линиясы курула элек болучу, кокус бир электр мамысы кулап калса эмне болот эле, Бишкек жарыгы жок калмак. Бишкек жарык менен өзүн-өзү камсыз кылыш керек. Эгер кимдир-бирөөлөр уурдаган болсо жоопко тарткыла, абакка олтургузгула. Бирок, каяктагы бир Зулушев деген неме кыйкырып жатса таңкаласын… Анын өзүн соттун ыйык атын булгагандыгы үчүн кызматтан кууп кетиришпеди беле… Анын артында ким туруп, ким башкарып жатканын мен көрүп эле турамСапар Исаков таза адам. Ал көп жаңылат. Бир нерсени терең ойлонбой туруп тез баштай салат. Буга “Акылдуу шаар” долбоору мисал. Бирок мен бул долбоор апрель айында ишке аша баштарын билем”, – деди Алмаз Атамбаев.

Редакциядан: Бул жерде Атамбаев Бишкек ТЭЦиндеги аварияга, тендерлерге, уурдап-тоноолорго, эбегейсиз чоң коррупцияга түздөн-түз эле Сооронбай Жээнбековду айыптап жатат. Бирок тендерлерди өкмөт эмес, тээ Айдар Акаевден бери энергетиканы башкарып, кийин Максим Бакиевге өтүп, андан кийин Алмаз Атамбаевдин тилин таап ошол эле жумушуна кайра дайындалган атактуу Калиев жетектеген “Электр станциялары” акционердик коому өткөргөн. Ал эми ТЭЦтин ремонт иштеринен 20 миллион сомду кымырып алды деп айыпталып, УКМКга сурак берип жаткан Нурханбек Момуналиев Атамбаевдин премьер кезиндеги аппарат жетекчилеринен болуп, андан Жантөрө Сатыбалдиевге мураска өткөн. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгондо Момуналиевди аппарат жетекчилигине албай койгон. Анын үстүнө Момуналиев Атамбаевдин өкүл баласы экени боюнча да маалымат тараган.

Бишкек ТЭЦин реконструкциялоого жана Датка-Кемин электр өткөргүчүн курууга мен буйрук бергем дейт. Андан шегибиз жок. Ошондуктан тажиктер 270 млн долларга Душанбеге жаңы ТЭЦ салып жатса Кыргызстан 386 млн (үстөктөрү менен $500 млн) долларга ТЭЦтин 24 мешининин араң 4 гана мешин модернизациялап жатат. Ал эми 400 чакырым турган Датка-Кеминдин электр өткөргүчтөрү 400 млн долларга курулуп, ар бир километр зым 1 миллион долларга турган.

Сапар Исаковдун өкмөтүн банкрот болду деп сындап, отставкасын талап кылган депутат Зулушевди Атамбаев соттун ыйык атын булгагандыгы үчүн жумуштан куулган дейт. Чындыгында ал бийликтин буйрутмасын аткарбай, Камчыбек Ташиевди актап жибергендиги үчүн Атамбаевдик режим тарабынан кызматынан алынган.

Сооронбай Жээнбеков бул ачык коррупциялык айыптоолорго ачык жооп кайтарбаса эл арасында күбүр-шыбыр сөз кетип, саясый имиджине сокку урулат.

 Атамбаев: Коопсуздук кеңештин акыркы жыйынында сот реформасы эмнеге жылган жок, эмнени күттү эле деген сөздөрдү уктум. Сот реформасын жылдыруу үчүн 7 кодекс иштеп чыгылган эле, кодекстердин бир жылга сүрүлүп, 2018-2019-жылдан тарта ишке кириши, ар бир соттун кабинетине видеокамера орнотуп, сот процессин түз эфирге берип туруу иштери  ошол Сооронбай Жээнбековдун сунушу боюнча артка жылдырганбыз. Мына, жанымда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун үлгүрбөйбүз деп жазылган кагазы бар. Биз парламентке кайрылып бир жылга артка жылдырдык. Сот реформасын Атамбаев ишке ашырган жок деген сөздөргө таң калам. Ошондо Жээнбеков суранбаганда, ар бир соттун кабинетине видеокамера кирип калмак, соттук процесстердин баары ачык болуп, элдин баары көрүп калмак. Анан да тынчыраак иштегенге акыркы үч жылда эле мүмкүн болду окшойт. Алты жыл эмес, 26 жыл отургандар да сот реформасын бүтүрө албайт.

Редакциядан: Атамбаев өзү бийликте олтурган 6 жыл ичинде өткөрө албаган сот реформасына эми Сооронбай Жээнбековду күнөлүү кылууда. Жээнбековдун бир барак кагазы эле Атамбаевдин сот реформасын токтотуп коюптур. Эгер Жээнбеков ошол катты жазбаганда азыр ар бир соттун кабинетине видеокамералар орнотулуп, сот процесстери ачык жүрүп, сот реформасы ишке ашып кетмек экен. Антейин десең анда эмне үчүн Атамбаевдик режим учурунуда 30дай оппозициянын өкүлү эч негизсиз жана далилдерсиз жабык өткөн соттордун негизинде соттолуп, камалып кетишти. Эгер Атамбаев чын дилинен сот процесстерин ачык кылгысы келсе ошол сотторду эмнеге элден жашырып, жабык сот процесстерин өткөрдү?

Атамбаев: Мен Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөш тууралу билдирүүсүнө кубандым. Бирок, кооз сөздөрдү айтып, карапайым элге жагынуу бул башка кеп: эки лейтенант менен эки сержант келип текшерип, ар кандай бизнести жаап коё алат деп айтып жатпайбы… Муну ага бирөөлөр жазып беришкен… Жазып бергендер Жээнбеков үчүн жаман кызмат көрсөтүп жатышат. Президент Жээнбеков үчүн ушундай бир болбогон нерселерди жазып берип жатышат. Ушундай сөздөрдү жазып бергендерге айтып коюш керек: советтик ОБХСС деген кызмат эбак эле жоюлган, адамдар ушуну да билишпейт…

Редакциядан: Атамбаев кайрадан эле Жээнбековго асылып, анын коррупцияга каршы жарыялаган күрөшүн карапайым элге жагынуу үчүн эле айтылган кулакка жагымдуу кооз сөздөр катары гана баалайт. Атамбаевдин советтик ОБХСС тууралу айткандары дегеле күлкү келерлик сөз, анын жоюлганын эл, анын ичинде Жээнбековдун жанында иштеп жаткандар билбейт имиш. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун өзүн кайрадан бирөөлөрдүн жазып бергендерди гана окуп бергенге жараган аңкоо катары сүрөттөйт. “Президент Жээнбеков үчүн ушундай бир болбогон нерселерди гана жазып берип жатышат” дегени эмнеден кабар берет…

Атамбаев: Мен Сооронбай Жээнбековго Коопсуздук кеңеши стратегиялык чечимдерди даярдаган “акыл-эс борбору” болушу керек, ал жакка кимдерди ишке алганыңды дагы бир жолу карачы” деп айттым. Мен ал жакка милицияда да, армияда да бир дагы күн кызмат кылбаган ыраматылык Темир Жумакадыровду чакыргам. Ал башы иштеген адамдардан, эксперттерден турган топ түзгөн, ага рахмат. Бирок азыр алардын баары кетип калды. Азыркылар Салык кызматына, прокуратурага барып кызматкерлер форма кийдиби же кийген жокпу деп текшерип жүрөт. Биз мунун баарын Акаевдин, Бакиевдин тушунда баштан өткөргөнбүз. Мен мунун баарын Сооронбай Жээнбековго айттым. Азыркылар ага башка стратегияны, ойдон чыгарылган фактыларды суна коюп жатат. Алар мунун баарын жакшы билген адам бар экенин билиши керек. Мен мунун баарын жакшы билем.

Редакциядан: Бул жерде Атамбаев Жээнбековду кадрларды тандай албай жатасынң деп кине коёт. Кыязы УКМКнын Антикоррупциялык кызматына жана Коопсуздук кеңешинин жаңы катчысын Жээнбеков өзү дайындаганы жакпай жатса керек.  Бирок, көзү өтүп кеткен киши Темир Жумакадыров тууралу унчукпай эле коёлу, Атамбаевдин учурунда Коопсуздук кеңешине кагаз жазган катчыдан жогору көтөрүлө албаган эле катчылар дайындалып жатпадыбы. Сиз “головастиктерди” жыйнаганбыз дейсиз, анда Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылганга бир стратегиялык линияны калыптандырган кайсы кадрыңыз бар эле деген киши жок.  Баса сиз сыймыктанып мактаган кадрларыныз ыраматылык Темир Жумакадыров, азыркы премьер-министр Сапар Исаков, КТРКнын гендиректору Илим Карыпбеков, Улуттук банктын төрагасы Толкун Абдыгулов жана башка Алмаз Усенов, Мар Топоев сыяктуу майда клерктердин баары Максим Бакиевдин кадрлары эмес беле? Кадрларыңыздын баарын бир кезде Максим Бакиев кызматка көтөрүп, таптаган кадрлар болсо, салган үйүңүздүн жери Өмүрбек Текебаев айткандай Максим Бакиевдин жери болсо, кечээги маалымат жыйынызга бир кезде Максим Бакиев тээп жүргөн, брондолгон “BMV” машинасы менен келсеңиз деги эмне деп айтаарыбызды билбей калдык.

Баса, кечээ сиз бир кезде Жазуучулар союзу аркылу сатып алган “Нооруз” кафеңиз тууралу мактана кеттиңиз. Бирок мактангыдай “Нооруз” кафеси гүлдөп кеткен жери жок да. Ачылгандан бери эле ызы-чуудан башы чыкпай келаткан, кардарлар үчүн дээрлик белгисиз ашкана эмеспи. Эгер сиз ачкандан кийин ал дүркүрөп өнүгүп, шаарда “Нооруз” ресторанынын бир нече филиалдары ачылып, сетке айланып кетсе “ап бали!” демекпиз. Тилекке каршы андай эмес.

Атамбаев:  Сооронбай Жээнбеков президенттикке көрсөтүлгөндө эле мен ага “Асылбек Шарипович мандатын өткөрүп бериши керек” деп айткам. Мен Асылбек Шариповичти сыйлайм, партияга жакшы иштеп берди. Президенттин бир тууганынын депутат болгону эртеби-кечпи президенттин аброюна терс таасирин тийгизет. Анан да президенттик аппараттын азыркы кызматкерлери Салык кызматына, прокуратурага барып кызматкерлер форма кийдиби же кийген жокпу деп текшерип жүрөт деп айыптайт. Бирок билермандар мындай буйрукту былтыр Алмаз Атамбаевдин кадры, Президенттик аппараттын жетекчиси, азыр Атамбаевдин командасында “Форумда” олтурган Алмаз Усенов бергенин далилдеп чыгышты.

Редакциядан: Эгер Асилбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин анын жардамы менен депутат болуп шайланып келсе же президенттин указы менен бир мамлекеттик жоопту кызматка дайындалса эл сизди колдомок. Чынын айтканда сиз Асилбек Жээнбеков аркылуу президент Сооронбай Жээнбековду согуп жатасыз. Сиздин бутаңыз Асилбек эмес, Сооронбай Шарипович. Асилбекти бетке кармап, Сооронбай Шариповичти тили кызык кылып, аны талуу жерине айланткыңыз келет. Асилбек Жээнбековго Жаныш Бакиевдин образын тагып, маскасын кийгизип, ал аркылуу Сооронбай Жээнбековго экс-президент Курманбек Бакиевдин беткабын таккыңыз келет. Калктын кайсы бир катмары бул идеологияга ээрчип кетет деп ойлойсуз…

Буга Сооронбай Шарипович менен Асилбек Шарипович кандай жооп берет экен деп карапайым эл жабалактап күтүп турат.

(Уландысы бар)

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: