Menu

Алматы мигранттары: эл тынч болсо, биз да тынч эмгектенебиз

Бөлүшүү:

Стамадиев Заирбек, металдарды иштетүү боюнча инженер, технолог, экономист, Жалал-Абад шаарынан:

2000-жылдын июнь айында Алматы шаарына келип, 1 жыл соода-сатык иштери менен алек болуп, андан кийин коомдук иштерге аралашып, Кыргыз маданият борбору менен тыгыз байланышта иштешип, көп иштерди алып барып жатабыз. Биздин жарандарга башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан аябай жакшы үзгүлтүксүз жардамдар берилип, биз мигранттар менен тыгыз байланышта. Кандай гана оор кыйынчылыктар, көйгөйлөр маселелер болбосун ар дайым консулдар четке какпай, мыйзамдуу түрдө чечип бергенге аракет кылышат. Айрыкча баш консул өтө чечкиндүү, шар жигит болгон учун биздин мигранттардын маселелери бат чечилгенге женил болуп жатат.

2017-жылы чек ара жабылып, биздин мигрантгар кыйналып турган учурда башкы консул баш болуп, башкы консулдуктун кызматкерлери түнү-күнү  биз менен тыгыз байланышта болушуп, камалып калган жарандарды бошотуунун жолдорун карап, мыйзамдын негизинде чечип, жардам берип жатышты жана ошондой эле чек арада да биздин мигранттарга жардам берип жүрүштү. Азыр чек ара маселеси жакшыргандан бери бизде тынчтык. Бул жакта иштеп, жашап жүргөн мигранттардын азыр мурункудай көйгөйлөрү жокко эсе. Себеби биздин жарандар азыр документ жасоо, эмгекке уруксат кагазын алуу деген түшүнүктөрдү билип калышты. Мурун бизде андай түшүнүктөр аз болуп, документ да жок, чек ара маселеси да аябай курч маселерден болчу. Азыр Кудайга шүгүр, андай курч маселелер жок. Мигранттардын балдары бала бакчаларда тарбияланып, мектепке барып билим алат, алдынкы окуучулардын катарын толуктап, ата-энелерге элчиликтин администрациясы тарабынан ыраазычылык кат берилген учурлар да кездешпей койбойт. Эл жер тынч, биз да тынч эмгектенебиз.

Алыбаев Алмазбек, врач, дерматолог, уролог:
2011-жылдан бери Алматы мамлекеттик дарыгерлер билимин жакшыртуу институту адистикке өткөндөн кийин кафедрада калып, 2 жыл практикадан сабак бердим. Андан кийин “Рахат” жана “КАЗ мит” клиникаларында иштеп баштадым, азыркы учурда да ушул эки клиникада иштейм. Алгач келгенде, мен үчүн ар 5 күн сайын чек арадан өтүү маселеси болду. Азыр Кудайга шүгүр, андай маселе жок. Башкы консулдуктун кызматкерлери ар дайым колунан келишинче мигранттарга жакындан жардам берип, колдоо көрсөтүп, жакшы иштеп келишет. Айрыкча баш консул өтө чечкиндүү, шар жигит болгон үчүн биздин мигранттардын маселелери бат чечилгенге жеңил болуп жатат. Үй-бүлөм менен бул жерде иштеп, бул жерде жашайбыз. Менин кесибим врач болгондуктан жумуш издеп да кыйналган жокмун. Аялым Казахстан Республикасынын жараны, азыр пенсияда. Эгерде салыштырып айта турган болсок, биздин мамлекетте пенсияга чыкса, анда 3000 миң сом өлчөмүндө гана пенсия алмак, азыр бул жактын жараны болгон учун бир топ жогору өлчөмдөгү пенсия алат. Айтайын дегеним, биздин мамлекетибиз да жакшы жолго түшүп, өнүгүп, врачтардын, мугалимдердин айлыктары жогорулап, чет өлкөлөргө чыгып иштебестен, баарыбыз өз өлкөбүзгө кызмат кылсак жакшы болмок.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: