Menu

Казакстанда жүзгө жакын киши балмуздактан ууланды

Бөлүшүү:

Казакстандын Чымкент шаарында балмуздактан уулангандардын саны жүзгө чукулдады. Бул тууралуу Түштүк Казакстан облусунун саламаттык сактоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Сулеева “Азаттыктын” казак кызматына билдирди.

Анын айтымында, балмуздак жеген жүзгө жакын киши ооруканага кайрылып, алардын баары жаткырылып, анализдер алынган. Кийинчерээк 38 киши үйлөрүнө чыгарылган.

Ууланган кишилердин так саны экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болот.

2-апрелде облус акими Жансеит Туймебаев жабыркагандар менен жолуккан учурда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ишин сынга алган.

Балмуздактан уулангандар Чымкенттин инфекциялык ооруканасына 29-марттан тартып түшө баштаган. Алардын баары шаардагы күркөлөрдүн биринен балмуздак жегени аныкталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: