Menu

Өлкөдө ак калпакты “мазактагандарга” айыппул салуу сунушталууда

Бөлүшүү:

2-апрелде административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунда улуттук баш кийим – ак калпакты “мазактоого” каршы айыппул киргизүү каралган.

Депутаттар калпакты келекелегендерге 20 айлык эсептик көрсөткүч айыппул салууну демилгелешүүдө. Демилгенин авторлору – Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков.

Жыл башында айрым депутаттар ак калпакка маданий символдун макамын берүүнү сунушташкан. Парламент мүчөлөрү жазган мыйзам долбоорунда өлкө башчыларын калпак кийүүгө милдеттендирүү каралган. Ага ылайык, улуттук баш кийимди эл аралык мелдештерге Кыргызстандын атынан катышкан спорчулар дагы кийиши керек.

Былтыр Бишкектин соода борборлорунун биринде өткөн иш-чарада итке калпак кийгизилгени кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга түшкөн. Бул маселе Жогорку Кеңешке чейин жетип, айрым депутаттар иш-чаранын уюштуруучуларын жазага тартып, ак калпакты сактоого үндөшкөн. Мыйзам долбоорун иштеп чыгууга да ушул окуя себеп болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: