Menu

Түркмөн студенттери Беларустагы окуу жайдан чыгарылышы ыктымал

Бөлүшүү:

Беларус мамлекеттик медициналык университетинде билим алган түркмөн студенттери окуу акысын төлөй албай жатышканы үчүн окуудан чыгуу коркунучуна кептелишти. Түркмөн банктары алардын ата-энелери жөнөткөн акчаларды которбой жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын студенттеринин бири билдирди.

«Биз окуу акысын 20-февралда Түркмөнстандагы банктар аркылуу төлөгөнбүз. Бирок түркмөн банктары аны азыркыга чейин Беларустагы окуу жайдын эсебине которушкан жок. Университет 1-апрелге чейин каражатты төгүүнү талап кылууда. Жума күнү бизди окуудан чыгарышат», – деди ал.

Анын айтымында, студенттер түркмөн банктары менен байланыша албай жатышат, Минсктеги Түркмөнстан элчилиги да жардам берүүдөн баш тарткан.

«Элчи маселени өзүбүз чечишибиз керектигин айтты. Мага окшогондор 40тан ашуун. Арабызда үч айдан кийин окуусун бүтө тургандар да бар. Бирок акча которулбагандыктан, алар бизди окуудан чыгарышы мүмкүн», – деп кошумчалады ал.

Маалыматтарга караганда, студенттердин ата-энелери бир жылдык окуу акысы үчүн 2 миң доллардан төлөшкөн.

Минсктеги Түркмөнстан элчилиги “Азаттыктын” түркмөн кызматына түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: