Кечээ, 9-апрелде Түркия Республикасына расмий визит менен барган Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара шаарындагы президенттик ак сарайда тосуп алды.
Жолугушуунун расмий аземинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кортежин атчандардын ардактуу кароолу менен президенттик ак сарайга чейин коштоп баруу каралган. Флагштоктордо Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн. Ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду.
Кыргыз Республикасынын Президенти тизилген ардактуу кароол менен учурашып чыкты.
Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунун расмий аземинен жана делегацияларды тааныштыргандан кийин Мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүү үчүн залга бет алышты.
Президенттер тар чөйрөдө жолугушкандан кийин сүйлөшүүлөр кеңири курамда улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ