Кечээ милиция «Ататүрк» паркын курчап жатканын, эмне болгону эч кимге белгисиз болуп жатты эле. Көрсө бир акмак аракка тоюп алып, “Ататүрк» эс алуу багында бомба коюлган”, – деп билдирүү таратыптыр. Ошол билдирүү тараткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы билдирди. 8-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөттөгү кызматына билдирүү түшүп, ИИМдин жана УКМКнын ыкчам тобу барып, ал жер курчоого алынган. Чөлкөм текшерилип, жарылуучу же шектүү буюм табылган эмес. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 1974-жылы туулган Бишкектин тургуну кармалган. Ал мас абалында бейбаштык кылып, жалган телефон чалуу жасаганы аныкталган. Факты боюнча УКМК “терроризмге байланыштуу жалган билдирүү тараткан” деп кылмыш ишин козгоп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ