Menu

Вице-премьер: Орусияга киргизилген санкциялар казак импортуна таасир бериши ыктымал

Бөлүшүү:

Казакстан премьер-министринин орун басары Ерболат Досаев АКШнын Орусияга салган жаңы экономикалык санкциясы Казакстан импортуна таасир этүүсү ыктымал экенин билдирди. Анын айтымында, Казакстан бюджети доллардын орточо курсу – 340 теңге болот деген болжол менен бекиген.

10-апрелде Москва валюта биржасында рубль баасы төмөндөп, бул дароо теңгеге да таасирин тийгизди. Евро менен доллар дээрлик эки рублга кымбаттаган. Евро баасы акыркы эки жылда биринчи жолу 77 рублдан, доллар 2016-жылдын соңунан бери алгач ирет 62 рублдан жогорулады.

Казакстан валюта биржасында бир доллардын орточо наркы 325 теңге 88 тыйынды түзүп, 9-апрелге караганда 5 теңге 47 тыйынга көтөрүлдү.

“Арийне, Орусия менен биржалар алган алгачкы шок сезилет. Импортко байланыштуу белгилүү бир таасирлер болот, бирок биз аларды жолго салабыз”, -деди Досаев.

Вашингтон 6-апрелде Кремлдин АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүнө байланыштуу орусиялык компанияларга жана бизнесмендерге жаңы санкция киргизген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: