Menu

Фоторепортаж – Сооронбай Жээнбековдун Түркияга расмий визитинин жыйынтыгы

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков  2018-жылдын 9-10-апрелинде Түркия Республикасына расмий визит жасады.

Визиттин алкагында Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен тар жана кеңири форматта жолугушуулар өткөрүлүп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Визиттин жыйынтыгында бир катар документтерге, тактап айтканда спорт, айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташтык, инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууларга, ошондой эле социалдык камсыздоо жөнүндө келишимге, басма сөз жана маалымат чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу протоколго кол коюлду.

Расмий визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Улуттук Улуу жыйынынын спикери Исмаил Кахраман, Премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолугушту.

Мамлекет башчысы  Анкара шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы көчөгө барып, кыргыз жазуучусунун бюстуна гүл коюп, Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Президенттин визити   2018-жылдын 11-12-апрелинде  Бельгиянын  Брюссель шаарындагы Европа союзунун институттарына уланат

.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: