Бүгүн, 11-апрелде КР Ички иштер министрлиги Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаковду кечээ, 10-апрелде камакка алганын билдирди.
Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турган (январь-ноябрь 2017-жыл) учурда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына жанаша жайгашкан, Максим Бакиевге тиешелүү “Идеал хаус” шаарчасын алгачкы баасы 242 миллион сомдон 142 миллион сомго чейин арзандатып сатып, мамлекеттке ири суммадагы зыян келтирген деп айыпталууда.
Көз карандысыз журналист Элнура Алканова “Идеал хаус” шаарчасынын сатылышынын мыйзамдуулугун иликтеп, шаарча коррупциялык жол менен сатылган жана аны азыркы премьер-министр Сапар Исаковго аффилирленген фирма сатып алган деп жыйынтыкка келген. Ал үчүн Алканованын макаласында айыпталган БТА-Банк авторду коммерциялык сырыбызды ачып койду деп сотко берип, сот азыр Алканованы Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ